Бишкектеги мейманканада чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкектеги мейманканада чыккан өрт толук өчүрүлдү
Фото: www
1 из 3

Бишкектин Ленин районунун Жумабек көчөсүндө жайгашкан "Голд" мейманканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өрт саат 22:41де чектөөгө алынып, саат 00:54тө толук өчүрүлгөн.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 6 атайын техника тартылды. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД