Бишкекте эттин баасы неге кымбат? Журналисттин иликтөөсү

Экыркы айларда борборубуздун базарларында эттин баасы бир топ кымбаттап кетти. "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы мунун себебин аныктап көрүүгө аракет кылды.

Мен баратам базарга...

Орто-Сай базары. Бул жерде жаңы эт дүкөнчөлөрү көп ачылууда. Эт сатуучулардын арасында пайда болгон атаандаштык уй жана кой этинин баасынын арзандашына алып келиши керек эле, бирок, тескерисинче болууда. Уйдун сулп этинин 1 кг баасы бул жерде 450 сом турат экен, жаз айында мунун баасы 400 -420 сом болчу. Сөөгү бар эттин орточо баасы 350 сом, мурда 270 – 300 сом турчу. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, жарым жыл мурда эт сатуучулар 1 кг этти 5 сомго арзандатып беришчү, азыр бир сомго да түшүрбөй калышыптыр.

Койдун эти да кымбаттаптыр. Январь айында 1 кг этти 290-300 сомго сатып алууга мүмкүн болсо, азыр 320 сомго аласың.

Чочконун этинин кымбатташы да таң калтырбай койгон жок. Анын сулп этинин 1 кг үчүн 380 сом сурашат. Эгер сатып алуучулар жок дегенде 10 сомго арзандатууну сурашса, дароо эле:

-Мен сатканды гана билем, эттин баасын кожоюн аныктайт, - деген даяр жоопту беришет.

Сатуучудан эт азыгынын кожоюну ким – фермерби же алып сатарбы деп суроонун деле кажети жок. Анткени ал кааласа ийнин куушуруп, башын чайкап же орой жооп узатып коюшу мүмкүн.

Аламүдүн базарындагы абал бир аз жакшыраак болгону менен, мактап жиберүүгө татыбайт. Көрүнүшү анчалык жакшы эмес уй этинин 1 кг 430 сомго сатып алса болот, ал эми жаңысы 450 сом турат экен. Кой этинин баасы да Орто-Сай базарындагы баага окшош, ал эми чочко этинин 1 кг баасы 400 сомго чейин барат.

Мактап жүрүшкөн Ош базарында деле бишкектик башка базарларындагыдай эле көрүнүш, уйдун май аралаш сулп этинин баасы 1 кг 430 сом, майы жогу үчүн 440 сом сурашат, сатуучу менен арзандатып берүү жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн эмес.

Ош базарындагы 1 кг кой эти 300 – 310 сом, ошондой болсо да сатуучуну бир аз арзандатып берүүгө көндүрсө болот экен. Бул жердеги эт базары башкаларга салыштырмалуу чоң эмеспи, атаандаштык да сатуучуларга өз таасирин тийгизсе керек. Бирок ушул арзыбаган он сомдук айырма байкуш бюджетчилерди, анан калса пенсионерлерди сактап калмак беле?

Сатуучулар менен сүйлөшүп, эттин баасынын кымбаттап кетишинин себебин билейин деп бир нече жолу аракет кылдым эле, түшүнүп-түшүнбөгөн: "Баары эле кымбаттап жатпайбы" деген жоопту угуп жаттым. Ал эмне үчүн кымбаттап жаткандыгын баары бир биле алганым жок. Бирок алардын бири, өзүн Сейтек деп тааныштырган сатуучунун, "Эттин көбүн Өзбекстан тарапка сатууга алып кетип атышат окшойт", - дегендей жоромолун уктум.

Кызык, мында Өзбекстандын кандай тиешеси бар? Бул өлкөгө этти жеткирүүдө, бузулуп кетпеси үчүн муздаткычы бар автоунаалар менен ташыса болот. Фермерлерде ушундай автоунаалары бар экендиги шек туудурат. Россия менен Казакстанда да Кыргызстандан алып барган жаңы этти күтүп жатышпаса керек, ал жактарда өздөрүнүкү эле толтура, анын үстүнө баасы да арзан. Бизде расмий түрдө Кувейтке жана Россияга этти экспорттоого уруксат берилгени чын. Кувейт жөнүндө билбейбиз, бирок, россиялык айыл чарбачылар өз жарандарын эт менен камсыз кылууну үйрөнүп жана аянбастан эле чет элдик эт алып келүүчүлөр менен атаандашып калышты. Ошондой болгону менен биздин колбасалар чет жерде жакшы бааланууда.

Соода текчелери "өз кишилер" үчүн гана берилет

Бул абалды аныкташ үчүн расмий маалматтарга кайрылалы. Улуттукстатком маалымдагандай, 2019-жылдын январь – сентябрь айларында баардык чарба субъектилери тарабынан 289,4 миң тонна эт өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миң 710 тоннага же 2% көбөйгөн. Белгилей кетсек, уйлар менен торпоктордун саны 51 миңге, жылкылардыкы 17 миңге өскөн.

Бирок үй жаныбарларынын саны өскөнү менен эттин баасынын кымбаттап жаткандыгын кантип түшүндүрүүгө болот?

Мындай табышмактын бир аз жандырылышына тааныш малчылар жардам беришти.

Мисалы, Сокулук районунун фермери Бакыт Турмашевдин айтымында, ал уй этин дүңү менен 1 кг 250-280 сомго, кээде андан да арзан сатат. Коммерсанттар келип, бааны өздөрү аныктайт. Ал эми алып сатарлар менен соодалашкандан пайда жок.

Ысык-Ата районунун фермери Олег Лящук чочконун 1 кг этин 270 сомдон, андан ашса 290 сомдон сатат. Бирок ага алып сатарлар эмес, этти кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү келишет.

Бир жолу Панфилов районунда жашаган менин эски досум, чабан Сейиткул Орозбек уулу эки койдун этин Кара-Балтадагы базарга өзү алып барыптыр. Алып сатараларга бербей өзү сатууну чечиптир. Бирок ага базардан эт сата турган орун бербей коюшкан. Ал жердеги "тыңчыкмалар", эт саткан жерде бош орун жок, бирок, этти "тажрыйбалуу адамга" тапшырып калтырса боло тургандыгын айтыптыр. Ошондон бери Сейиткул мындай "алып сатар достор" менен байланышуу жөнүндө ойлобойт. Чынын айтканда анын базарга бат-бат келип турганга убактысы да жок. Койлорду кайтарууга да киши керек эмеспи.

Быйылкы жылы эт азыгын эскспорттоо абдан жогорулады, муну моюнга алыш керек. 24 575 тонна колбаса азыктары (анын курамында уй эти көп) экспортко чыгарылган (былтыркы жылы 19 459 тонна). Этти кайрадан иштетүү өнөр жайыбыз да өнүгүп келе жатат, бирок, жергиликтүү керектөөчүлөргө пайдасы аз болууда.

Кубанычка батуу эртелик кылат

Мал чарба азыктарынын жана малдын башын өнүгүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Айыл чарба министрлиги ай сайын берүүдө. Чынында эле фермерлер азыркы шарттарга ылайыкташып жана ар жылы мал башын көбөйтүшүүдө. Бирок мал чарбачылыгындагы мындай жетишкендиктерге кубануу эртелик кылат. Совет мезгилинде Кыргызстанда он миллион кой болсо, азыр алты миллионго жетет. Ири мүйүз мал үч миллиондон ашса, азыр миллиону калды. Бирок иш малдын башынын санында эмес, анын азыктуулугунда. Мурда ар бир уйдан жылына беш миң литр сүт саалып алынчу, ал эми азыр эки эсе аз. Баардык алдыңкы колхоз-совхоздордо салмагы тоннадан ашкан букалар болсо, Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, азыр алардын салмагы 500 кг ашпайт. Мурда орто эсеп менен койдон 40 – 50 кг жүн кыркылып алынса, азыр кокту-колоттордо араң жан койлор жайылып жүрөт.

Мал чарбачылыгын экстенсивдүүлүк (сапаты эмес сан жагынан) менен өнүктүрүү бир да өлкөдө бул тармакта ийгилик алып келбей, жарандарды эт, сүт жана башка азыктар менен камсыз кылуу мүмкүндүгүн берген эмес. Ошондуктан Айыл чаба министрлиги өлкөнүн жарандарын эт азыгы менен 60% гана камсыз кылып жаткандыгын мойнуна алууда. Бул эми этти көп талап кылган биздин өлкөдө болуп жатпайбы.

Дагы бир башкы маселе жөнүндө айта кетүү зарыл. Аткаминерлер асыл тукумдуу чарба жөнүндө көп айтышып, айрым бир ийгиликке жетишип жаткандарды мисал келтирип сыймыктанышууда. Бирок, мал чарбачылыгын мындай жол менен өнүктүрүү абдан жай жүрүп, бул ыкма араң-араң жылууда. Фермерлердин көпчүлүгү мындай асыл тукумдуу малды алуу жөнүндө кыялданышкан бойдон калууда,себеби, алардын сатып алуу өтө кымбатка турат. Дыйкандардын үчтөн бири гана малды жасалма жол менен каратууга мүмкүндүгү жетет, ошондуктан базарларда арзан баадагы уйларды жана койлорду сатып алышууда.

Жогоруда айтылгандарга дагы бир далил келтире кетели, үстүбүздөгү жылы мал багып жаткан дыйкандар жалпы суммасы эки жарым миллиард сомду түзгөн 6 миң насыя алышкан. Бул цифра бир жагынан чоң таасир калтырганы менен, экинчи жагын алсак, өлкөдө 300 миң фермер эмгектенет экен, анын жарымы мал багуу менен алектенгендер. Эми алты миң насыя менен 150 миң мал баккан дыйкандарды салыштырып көргүлөчү. Анын үстүнө дээрлик ар бир дыйкан кыска жана узак мөөнттөгү насыяга муктаж болгону менен, алардын ар бирине эле бериле бербейт.

Мамлекет тарабынан колдоо жок болгондуктан дыйкандар чет өлкөлөргө эт азыктарын сатуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп калышууда – чет жакта эт алда канча кымбат турат. Калгандарын ички базарларда сатып жаткандыктан эттин баасы кымбаттап, анын үстүнө алып сатарлар да жөн жатышкан жок. Мына ошондуктан эт көпчүлүк шаардыктар үчүн кол жеткис оокат болуп калууда.

Анда этти жана эт азыктарын экспортко чыгарып жаткан фермерлер үчүн квота киргизүү керек болуп жүрбөсүн? Бул антирыноктук чара болуп калат. Бирок, жапайы, башкарылбаган рынок өлкөнүн агрардык тармагын сактап кала алмак беле? Албетте, малчыларга мамлекет тарабынан колдоого алуу жолун ойлонуп көрсө болот, бирок, биздин бюджет менен буга баруу мүмкүн эмес.

Анда кантип бул абалдан чыгуунун жолун табууга болот? Андай жол да бар экен, бирок, чынында анчалык натыйжалуу чыкпаса да, сөз кылып көрөлү. Үстүбүздөгү жылы 16-октябрда "Вечерний Бишкек" биздин шаарда өткөрүлүп жаткан жарманкелер жөнүндө жазган. Ошолордун биринде, Октябрь районундагы жарманкеде шаардын тургуну Мухабат Кадаева журналистке маек куруп берген. Айтымында, анын Нарындагы туугандары атайылап жарманкеге уйдун этин алып келишет, Мухабат аны бул жерде сатат. Эттин баасы шаардын базарларыныкына салыштырмалуу 30-40 сомго арзан жана буга таң калуунун деле кереги жок, анткени Кадаевдердин үй бүлөсү ортомчулардын кызматын колдонушпайт, ошондуктан арзан баага сатышууда. Мына, Мухабаттын туугандарына окшогон дыйкандарды колдоого алып, алар жана башка нарындыктар үчүн атайын дүкөндөрдү ачып, алгачкы убактарда сатыктын салыгын салбай, эң башкысы насыя алганга жардам берүү керек. Мына ошондо Кадаевдерден да кыйын малчылар өз бизнестерин өнүктүрүп кетишмек. Буга окшогон эмгекчилердин өндүргөн эт азыгы, бизге, кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдик керектөөчүлөргө да жетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД