Борбордук стадиондо футбол оюндарын өткөрүүгө тыйуу салынышы мүмкүнбү?

Өткөн айда Бишкекте спорт шаарчасын куруу боюнча республиканын өкмөтүнүн токтому чыккан. Учурда расмий түрдө керектүү аянтчаларды бөлүп берүү иштери башталды.

Биздин республикада заманбап ири стадтондун жоктугу спорт күйөрмандарын капа кылбай койбойт. КМШ өлкөлөрүнүн баардыгында, жада калса граждандык согуш жүргөн Тажикстанда да бир нече спорт ареналары курулган, бир гана Кыргызстанда жок болуп, ушул жагынан шылдың болуудабыз. Мисалы, Азия футбол конфедерациясы биздин Дөлөн Өмүрзаков атындагы эски стадионубуз эл аралык талаптарга жооп бербей тургандыгын мурдатан бери эле билет жана жакынкы убактарда ал жерде эл аралык футбол оюндарын өткөрүүгө тыйуу салат.

Биздин мурдагы президенттерибиздин баардыгы борбор шаарыбызда стадион куруп беребиз деген убаданы беришкен, бирок, бири да бул идеяны ишке ашыруу үчүн аракет кылып коюшпады. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков гана бул чоң маселени чечүүгө бел байлады окшойт. Азия биринчилигинде биздин футбол боюнча курама команданын ийгиликтүү оюнунан кийин, президент Бишкекте сөзсүз түрдө жаңы жана ири спорт аренасы курула тургандыгын билдирген. Эми мурдагылардан айырмаланып, өзү берген убадасын унуткан эмес окшойт.

Жаңы стадиондун курулушунун башталышы борборубуздун түштүк тарабындагы Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде күтүлүүдө.

Бийликтегилер 30 га жер тилкесинде 30-40 миң орундуу футбол стадионун курууну пландаштырууда, анын үстү жабык жана 50 метрлик бассейн да болушу мүмкүн. Андан тышкары автоунаа токтотуучу жай жана башка майда объектилер курулмакчы.

Азыр мамлекеттик мүлк Фонду жана башка уюмдар бул чоң курулуш үчүн расмий жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карашууда. Биздин маалыматтар боюнча, эки-үч айдан кийин бул маселе чечилмекчи.

Мындан башка азырынча жаңылык жокко эсе. Өкмөт, тилекке каршы, каржы булактары жана курулуштун башталыш датасы боюнча так билдире элек. Болгону спорттук объектилерди курууну Мамкурулуш жетектей тургандыгы белгилүү, мамлекеттик структурага жана бийликтегилерге бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 30 млн ашык доллар табуусу керек.

Февраль айында жаштар саясаты, физкультура жана спорт Агентствосу өз милдетин алып, жаш архитекторлор арасында республиканын башкы спорт аренасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыялаган. Кыргызстандын спорттук тарыхында жана өз шаарынын курулушунда изин калтырууну каалагандар көп болуп чыкты. Конкурста чоң боз үйдү элестеткен долбоор жеңип, биз абдан кооз спорттук арена курулат деген ишеничтебиз.

Эми мындан башка дагы бир суроо келип чыгууда: Эгер ири спорт аренасы курулуп калса, шаардагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, кичи спорт аренасы жана Кожомкул атындагы спорт сарайы эмне болот? "Спортимараттары жана спорткамсыздоо" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Шабданбаевдин "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысына берген маегинде, бул спортобъектилерин бузуу пландаштырылбагандыгын билдирген

-Шаарыбызда спортобъектилери канчалык көп болсо, ошончолук жакшы, - деп жөндүү айтты ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД