Бишкекте Мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Үстүбүздөгү жылы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын" кабыл алынышына 30 жыл толду. Ушуга байланыштуу борборубуздун Ленин районундагы № 82 мектепте "Тил байлыгы поэзияда" кечеси өткөрүлдү. Мектеп окуучулары жана мугалимдери Мамлекеттик тил күнүн акын Карбалас Бакиров, жаш акындар жана жазуучулар Бердибек Жамгырчиев жана Максат Жангазиевдер менен биргеликте белгилешти.

Биринчи май районундагы "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда шаардыктар, мугалимдер жана окуучулар үчүн "Эне тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" театралдаштырылган оюну көрсөтүлдү. Шаардыктарды майрамдык күн менен куттуктоого КР президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Н. Ишекеев, райондун акиминин орун басары А. Малдыбаев келишти.

Октябрь районунда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамдын" кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата флешмоб өткөрүлдү.

Свердлов районунун № 26 китепканасында кыргыз тили жана адабияты мугалимдери өз окуучулары менен биргеликте "Тил – улуттун тамыры" майрамдык концертине катышып, китептерди окуп беришти.

"Аламүдүн" сейил багындагы футбол талаасында № 51 мектептин окуучулары жана мугалимдер жамаатынын, "Аламүдүн" компаниясынын кызматкерлеринин катышуусундагы "Улут болсом, тилим менен улутмун" концерти берилди.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери майрамдык күндү белгилөөгө өзгөчө даярданышып – кыргыз элинин каада-салттары чагылдырылган театралдашкан оюнду көрсөтүшүп эана улуттук оюндарды уюштурушту. Ал эми ар бир райондун кызматкерлери улуттук тамак-аштарды даярдап, столдун үстүнө жайышты.

"Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасында ыр жана бий конкурстары уюштурулуп, ар бир райондун кызматкерлери "макал айтышуу" боюнча мелдешти.

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын кызматкерлери "Сармерден" майрамдык-оюнун өткөрүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы баардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД