Экс-элчи Власов: Кыргызстандагы революциялардын доору бүттү

Кыргызстандан Россияга барган эмгек мигранттарынын турмушу жөнүндөгү байкоосу жана россиялык-кыргызстандык мамилелердин келечеги тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Валентин Власов VB.KG редакциясы менен ой бөлүштү.

Валентин Степанович, сиздин көз карашыңызда кыргыз мигранттарынын Россиянын шарттарына көнүүсү кандай жүрүп жатат?

-Абдан ийгиликтүү деп айткым келет. Бул боюнча алардын бул жактагы санына карап баа берсек болот. Азыр – миллионго чукулдап калды, кече жакында эле 300-400 миң эмес беле. Мен тээтиги 2000-жылдын башталышын айтпай эле койойун, адегенде алар бул жакка келишкенде көпчүлүгү турмуш-тиричилик тармагында, негизинен айлана-тегеректи тазалап, оор жумуштарда иштешчү. Алардын кайсы-бир бөлүгү азыр деле ошол иштерди аткарышат. Бирок, азыр алар башка тармактарда да, мисалы, - коомдук тамактануу, тейлөө жайларында активдүү иштешүдө. Кайсы ресторанга жана башка жайларга барып кирбеңиз, ал жердеги тейлөөчүлөр – жаш кыргыз жигиттери жана кыздары экендигин байкайсыз.

Сиздин оюңузча, буга эмне түрткү болууда?

-Кыргызстандан келген эмгек мигранттары – тез көнүшөт, ыкчам келишет жана орус тилинен да кыйналышпайт. Менин оюмча, алар Кыргызстандагы айрым орустарга караганда бул жерде тез көнүп кетишүүдө, ошол эле тил фактору жагын алып көрөлүчү. Биз Бишкекте Россиянын илим жана маданият борборун ачып, акысыз кыргыз тилин үйрөнүү борборун түзгөнбүз. Бирок, мен ал жакка биздин мекендештерибиз каалап келе башташты деп айта албайм.

Сиз дипломатиялык миссияңыз аяктагандыгына байланыштуу, Кыргызстандан кеткениңизге жети жылдан ашып калды. Республика менен байланышты жогото элексизби?

-Албетте, жок! Ар дайым ал жакта жүрүп жаткан жаңылыктарга, окуяларга байкоо салып турам, Москвадагы кыргыз диаспорасы менен байланыштамын. Өткөрүлүп туруучу иш чараларга да катышып жүрөм. Кече жакында эле улуттук телеканалдын кызматкерлери менен маектешип, баардык кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктадым. Биздин аңгемелешүүбүз москвалыктарга белгилүү "Кузьминки" сейил багында бул күндү майрамдоо учурунда болду. Бул майрамды Кыргызстандын элчилиги жана диаспорасы уюштуруп, анда өтө көп сандагы эл, кыргызстандыктардан башкалары да катышты.

Ал кезден бери Кыргызстанга барган учуруңуз болдубу?

-Кээде барып турам. Бул өлкө жөнүндө менин эң жакшы эскерүүлөрүм калды. Мен дайыма, оюн-чындап болсо да айтып келем: баардык ишимди аткарып бүткөндөн кийин, ал жактагы тоонун этегине барып, боз үй тигип, электр жарыгын жеткирип, анын үстүнө ал боюнча көйгөй жок эмеспи – батарейка, лампочканы алам да, анан жашай берем деген кыялым бар. Ал жерден мыктысын тапппайсың, мен Швейцария же Кыргызстан кооз өлкө деп теңештирип да отурбайм. Кыргызстандын климаты укмуш, жаратылышы кооз , эли кереметтүү, алар менен дайыма тил табышууга болот: эли жакшы, ак көңүл, каардуу, заардуу эмес.

Сиз азыр пенсияга чыгып, ардактуу эс алуудасызбы?

-Кайдагы пенсияны айтасыз! Мен торгойго окшоп, ар күнү таңкы саат беште турам. Ошондуктан иш жасабасам, акылыман адашып калбаймынбы. Негизги жумушумда иштейм, коомдук иштерди да, кошумча ишти да аткарам. Эртең мененки саат сегизде жумуш ордунда болом, ал эми кечки саат сегизде үйгө кайтам.

Ким болуп иштейсиз, эгер жашыруун болбосо айтып бересизби?

Мында жашыра турган эч нерсе жок. Мен Россиянын курулушчуларынын улуттук бирикмесинин жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аткарам. Бул өзүн-өзү башкаруучу уюм, бул тармакта алты миллион жумушчулар иштейт. Аткарыла турган мумуштун чети да оюла элек!

Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп РФ президентинин 2006-жылы декабрь айындагы Указы менен дайындалып, бул кызматты 2012-жылы апрель айында калтырдыңыз. Сиздин дипломатиялык миссияңыздын мезгили республикада түзүлгөн жөнөкөй эмес убакытка туш келди. 2005-жылдын март айындагы биринчи революциядан кийин көп убакыт өтпөй, 2010-жылы апрель айында экинчиси башталды. Ошондуктан сиз жетектеген элчилик республикада болуп жаткан татаал, карама-каршы келген процесстер жүргөн окуялардын так ортосунда калды жана сиз аларга өзүңүз да күбө болдуңуз. Кече жакында, 2019-жылы август айында болгон окуя, айрым бир аналитиктерди үчүнчү революция болушу мүмкүн деп айтууга түрткү берди. Бул жөнүндө сиздин оюңуз кандай?

-Менин оюмча Кыргызстандагы революциялардын доору бүттү. Эл мындайды эми колдобойт, жок! Эгер Россияда эле ушунча кыргыздар иштеп жатса, эмнени колдош керек? Алар бул жерде эмгектенип, акча иштеп таап жана мекенине которуп, үй бүлөлөрүнө жардам беришүүдө. Ал эми кайрадан жаңжал чыгып, кыйратуулар жүрсө эмне болот? Анын кимге кереги бар? Бул дароо эле биздин мамилелерге да доо кетирет. Эми революциялар бүттү – ушуну менен баракчаны жаап салуу керек.

Бирок көйгөйлөр чечилбей калып отурат. Ал эми эксперттер регионалдык бөлүнүү мүмкүндүгү жөнүндө айтышууда.

-Ооба, токтото турган эки фактор бар. Бул түндүк менен түштүккө бөлүү жана конфессиялар ортосундагы карама-каршылыктар. Экөөнө тең мамиле бирдей болуп, кайсы-бир жагынан четтеп кетүү жарабайт. Кыргыздар ар дайым динди эркин карманып келишкен, анда кастыкка жана кысым жасоого жол берилбеши керек. Дин тутуу эркиндигинин принциби мындай: Кудайга ишенесиңби, мен сага, сен мага жолтоолук кылбайлы. Теңчилик сакталганда гана баардыгы жайында болот.

Анда Кыргызстандагы конфессиялар аралык мамиле жалпысынан алганда жакшы түзүлгөн деп айтууга негиз бар десек болчудай.

-Ооба, бирок, ушундай абал кийин да сакталышы керек, регионалдык планда да сактоого аракет кылуу зарыл. Мында сен түндүктүк же түштүктүк деп бөлүп карабай, эки тарапты, баардык улуттарды бирдей көрүп, мамлекеттин биримдүүлүгүн сактаган адам болушу керек.

Кыргыз-россиялык мамилелердин келечеги жөнүндө кандай ойдосуз?

-Биздин мурдагы басып өткөн жолубуз да, келечегибиз да бир, алдыда – биргелешкен өнүгүү бар. Биз баардыгыбыз бир мамлекетте жашаганбыз, Россия ар дайым Кыргызстанга ар кайсы тармактар боюнча жардам берип келген, муну азыр да жасап келүүдө. Ал эми Кыргызстан анын интеграция жана чыңдоого багытталган ар кандай пайдалуу демилгелерин колдоп келүүдө. Биз ошону менен бөлүшүп, бирге жашап жана бирге эмгектенүүдөбүз. Биздин эки өлкөбүз тең эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып келүүдө. Мисалы, КМШ: Россия да, Кыргызстан да – анын активдүү жактоочулары жана катышуучулары. Евразиялык экономикалык биримдик түзүлгөндөн кийин биздин байланышыбыз бекем жана ар тараптуу боло баштады.

Эки тараптуу кызматташуунун кайсынысы биринчи деп айта аласыз?

-Булардын баардыгы биринчи – экономика да, маданият да. Тигинде да мында да процесстер күчүнө кирүүдө, буга эки тарап тең кызыкдар. Кыргызстан качан бир кезде Ленинград шаарын жана Ленинград облусун эт менен камсыз кылып турган. Ал эми биз бүгүнкү күнү Россияга эттин кайдан алып келип жатканыбызды бир гана Кудай билет. Мунун баардыгын кайрадан жандандырууга болот. Кыргызстанда мурда кандай гана ар түрдүү өнөр жайы бар эле! Ал жакты азыркы убакка чейин заводдордун жерлери бош туурат, мына бүгүн алардын базасында россиялыктар менен биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Республикада өнөр жайы, айыл чарбасы өнүгүп – Россияга келип жаткан мигранттардын агымы да жөнгө салынат. Бул жерде баардыгы бири-бирине байланышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД