Мамкомиссия Кой-Таш окуясы боюнча корутундуну бир ай мөөнөтүндө чыгарат

Бүгүн өкмөт үйүндө 7-8августта Кой-Таш айылындагы кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи кеңешмеси өткөрүлдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Мамкомиссиянын мүчөлөрү регламентти бекитип жана иш планын талкуулашты, комиссиянын катчылыгын уюштурушту.

Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, Коргоо, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы Азамат Араев, өкмөттүн Чүй облусундагы толук ыйгарым өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана Алишер Мамасалиев киришти.

Мамкомиссиянын төрагасы – вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын мүчөлөрү болуп өткөн окуяны объективдүү жана адилеттүү иликтеп жана бир ай мөөнөт ичинде Жогорку Кеңшке маалымат бериш үчүн корутунду чыгарыш керектигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД