Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран 3-кабаттан секирип кетти

Бишкектеги Октябрь РИИБнын имаратынан өспүрүм кызды зордуктоого шектелген шектүү үчүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө өспүрүм кызды зордуктоо факты боюнча 1984-жылы туулган Ж.Б. 35 аныкталып, Бишкектин Октябрь районунун ИИБ алып келинген.

-Сурак берүү маалында Ж.Э. капысынан стулдан тура калып терезеге чуркап, 3-кабаттан секирип кеткен. Окуя болгон жерге тез жардам чакырылып, шектүүнү ооруканага алып барышкан. Ал өзүнө келбей каза болду, -деп жазылат маалыматта.

Бул окуя боюнча кызматтык текшерүү дайындалып, анын жыйынтыктарына карата кошумча маалыматтар берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД