Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайрадан ИИМ Тергөө кызматына, эртеңки күнгө суракка чакырышты. Бул жөнүндө жергиликтүү ММКалар билдиришти.
Аймактык инспектор бүгүн Кой-Ташка барып, чакырууну "Элдик штабдын" башчысы Кыяз Смаиловго тапшырды.
Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев эртең саат 10.00гө ИИМ Тергөө кызматына келиши керек.
Эске салсак, бул ИИМ Тергөө кызматынын Алмазбек Атамбаевге карата жиберген үчүнчү чакырыгы болуп саналат. Буга чейин ал эки жолу чакыруу алып, бирок, ИИМ сурагына барбай тургандыгын билдирген.