3-июлдагы Алмазбек Атамбаевдин митингинде кабыл алынган резолюцияда, анын тарапташтары коюлган талаптардын ичинен, парламентти таратып жана Жогорку Кеңешке жаңы шайлоону өткөрүү керектигин билдиришкен. Алар бийликтегилерге мындай талаптын аткарылышына эки ай убакыт беришти.
Саясат таануучу Марат Казакпаев Жогорку Кеңешти таратуу боюнча талапты, мурдагы президенттин эмоцияга алдырып сүйлөгөнү катары кабыл алуу керек жана ал аткарылбайт деген ишеничте экендигин билдирди.
-Алмазбек Атамбаевдин кайрадан президент болоюн же парламентке өтөйүн деген ниети жок. Анын башкы максаты – саясий абалды козутуу. Ал катуу талаптарды коюуну көздөгөн радикалдуу позицияны ээлеп алды. Мына ошолордун бири катары Жогорку Кеңешти таратуу жана кезексиз шайлоолорду өткөрүү талабы болуп калды. Ал эми буга өлкөбүз экономикалык жана саясий жактан канчалык даяр экендиги маселеси Атамбаевдин тарапташтарын кызыктырбайт, - деген ишеничте Казакпаев.
Дагы бир саясат таануучу Игорь Шестаков, эгер Алмазбек Атамбаев талап кылгандай Жогорку Кеңеш тарап жана кезексиз шайлоолор өткөрүлгөн күндө да, парламенттин жаңы чакырылышынын сапаты азыркыдан жакшы болбойт деп эсептейт.
-Партиялык тизме менен шайлоо системасы биз көрүп тургандай жыйынтыкка – өздөрүнүн пайдасына иштеген олигарх-байлардын парламентине алып келип жатат. Ар бир жаңы чакырылыш "Жогорку Кеңеш" Жабык акционердик коомуна (ЖАК) окшоп тургансып калды – ага катышуу үчүн депутаттар адегенде акчасын салат, андан кийинки 5 жылда түшкөн пайданы чогулутуп алышат. Эгер биз мындай абалды өзгөртүүнү кааласак, Жогорку Кеңештин курамы боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизип, сапаттуу өзгөрүүлөрдү сунуш кылышыбыз керек, - деп эсептейт Игорь Шестаков.
Саясат таануучу сунуштагандай, партиялык тизме боюнча депутаттардын жарымы Парламентке өтүшү үчүн, шайлоочулар партияга эмес, депутат үчүн добуш бергидей калган 50% мажоритардык система боюнча шайлануусу керек.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аяктайт.