"Супер Инфо" коллективи Кылычбек Султанды колдоп митингге чыгышты

"Супер Инфо" гезитинин жана Super.kg интернет басылмасынын кызматкерлери жана журналисттери экс-элчи жана басылманын уюштуруучусу Кылычбек Султанды колдоп митингге чыгышты. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына басылманын башкы редактору Эльвира Караева билдирди.

Анын айтымында, алар Кылычбек Султанга колдоо көрсөтүү үчүн келишкен.

-Биз азыр УКМК имаратынын алдында чогулуп турабыз жана тарап кете элекпиз. Ал имараттан чыкканча күтүп турабыз, - деп Караева түшүндүрдү.

Митингдин видеосун жана мурдагы элчинин сүйлөгөн сөздөрүн басылманын журналисти Нургазы Аматов жарыялады.

Эске салсак, мурда кабарлангандай, бүгүн УКМК Кыргызстандын Түштүк Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанды суракка алууну улантат. Кече күнү аны 4 саатка созулган суракка чакырышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД