Тарых музейдин реконструкциялоого байланышкан сот иши башталды

Бүгүн, 25-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана ат майданын реконструкциялоого байланышкан биринчи ачык сот болуп өттү.

Сот ишин судья Айбек уулу алып барууда. Ал адвокаттардын кылмыш иши боюнча материалдар менен таанышып чыгууга убакыттын жетишпегендигине байланыштуу, кеңешмени кийинкиге калтыруу өтүнүчүн укту. Мурда билдирилгендей, кылмыш иши боюнча материалдар 37 томду түзөт.

Сот ишинин төр агасы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруу менен, кийинки кеңешмени 2-июлга жылдырды.

Эске салсак, Бишкектеги Тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү Ат майданын реконструкциялоого байланышкан паракорчулук беренеси боюнча кылмыш иши былтыр эле козголгон. Бул кылмыш ишине мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, дин жана этникалык саясат боюнча экс-бөлүм башчы Мира Карыбаева,Мамкурулуш жетекчисинин экс-орун басары Алмазбек Абдыкаров, турак-жай-жарандык курулуш департаментинин мурдагы жетекчиси Шайбек Атамбеков, анын орун басары Улукбек Матисаков, ошондой эле СМУ-№ ЖЧК уюштуруучуларынын бири Айдарбек Мендеев тартылган. Кийин акыркы төрт фигурант үчүн иш өзүнчө бөлүнгөн. Билдирүүгө караганда, алар тергөө менен кызматташууга макулдугун беришкен.

Тергөө иштери ушул жылдын май айында аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД