Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
"Манас" эл аралык аэропортунан Тажикстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.