Белоруссия Республикасынын президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
"Манас" эл аралык аэропортунан Белоруссиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.