Саламатсыздарбы, көптөгөн арызданууларга жана жарыяларга карабастан, БЭЖ жанындагы каналдын жээгинде айдоочулар автоунааларын жууганды улантышып, бул жердеги абал өзгөрбөй жатат. Машинасын жуугандар күн сайын тоодой үйүлгөн таштандыларды калтырышат. Айлана-чөйрөнү коргоо органдарына жазуу жүзүндө кайрылууларыбызга да эч бир жооп алганыбыз жок.
Элдик жаңылыкты жиберген Сергей