Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргыз Республикасынын "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамынын 101-беренесине "Жогорку Кеңештин ар жылдык отчетторду кароосу" жана 125-беренесине "Кызмат ордунан кезексиз четтетүү" боюнча түзөтүүлөрдү киргизүүгө ниеттенүүдө.
Ал ошону менен бирге, эгер Жогорку Кеңеш алардын отчетун канааттандыраарлык эмес деп тапса, Башкы прокуратуранын, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин жана премьер-министрди кызматынан четтетүү жөнүндө чечим чыгаруу мүмкүндүгүн парламентке берүүнү сунуш кылууда.
Серепчилер мындай "күчөтүүлөрдү" киргизүү өлкө үчүн өтө эле жагымсыз натыйжаларды алып келүү – айрым парламентарийлердин жеке кызыкчылыктарды көздөгөнүнөн баштап, көзөмөл органдарына карата кылмыш ишин козгоо - коркунучу бар деген ишеничте.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов күчтүү парламенти бар өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органында да мындай укугу жок экендигин эске салды.
-Бул сөзсүз түрдө өкмөткө, КР Улуттук банкына жана Башкы прокуратурага кысым көрсөтүүнүн куралы болуп калат. Мындай демилге Жогорку Кеңештин депутаттарынын так өз укуктарын күчөтүүгө багытталгандыгы түшүнүктүү. Ошону менен бирге эле мыйзам долбоору бизде орногон бийлик балансын сактап калууга жардам берип жаткан каражат жана карама-каршылыктар системасын жок кылууга аракет кылуу катары каралышы мүмкүн. Тактап айтканда биз натыйжада жеке өкүмдүктөн айырмаланбаган коллективдүү өкүмдүктү алып калабыз, - деп VB.KG редакциясына баса белгиледи Бактыгулов.
Саясат таануучу Жогорку Кеңешке шайлоолор жакындаган сайын, укмуш мыйзамдар кабыл алынууда дейт.
Эгер сунуш кылынган отчеттуулук системасы кабыл алынып калса, анда мыйзамдуулукту сактоо, акча-кредиттик саясат комитетинде иштеген 3-5 депутатка көз каранды болуп калат. Мунун өзү бизде болуп келгендей соодалашуунун жаңы предмети болуп калмачы, - деген ишеничте Бактыгулов.
Саясат таануучунун пикири боюнча, парламентарийлердин мындай демилгеси, депутаттардын өздөрүнүн жеке максаттарын чечүү үчүн жасаган аракети катары түшүнсө болот.
-Бул эски, көптөгөн жылдар бою колдонулуп келген тактика. Мындай сунуштардын максаты эл жөнүндө кам көрүү эмес, өлкөнүнү ИДПын жогорулатуу жана экспортту же коомдун байлыгын жакшыртуу эмес, өз кызыкчылыгын гана ойлоо болуп саналат. Анын үстүнө эгер депутаттар башкы прокуратуранын үстүнөн бийликти алса, анда парламентарийлердин паракорлукчулукка байланышкан иштердин көбү менен кош айтышса болот. Эртеби кечпи көзөмөл органдарына кысым көрсөтүү башталат, - деп түшүндүрдү Шерадил Бактыгуулов.
Өз кезегинде саясатчы Феликс Кулов Кенжебек Бокоев сунуш кылган түзөтүүлөр – өз билгенин жасоо дегендикке жатпайт, КР мыйзамдарына ылайык конституциялык нормага келтирүүгө ниеттенгендик, - деген ишеничте.
-Сунуш кылынган демилге КР Конституциясынын чегинде жүрүп жатат. Негизги мыйзамда Улуттук банктын төрагасын, башкы прокурорду, Эсептөө палатасынын төрагасын кызматтан четтетүү "мыйзамда каралган тартипте" мүмкүн деп жазылган. Ал эми премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү парламенттик корпустун көпчүлүгүнүн добушу менен чечилет. Президент бул учурда анын отставкасына макулдугун берет же макул эместигин билдирет. Бирок маанилүү жери муну ишке ашыруу "мыйзамда каралган тартипте" деп жазылганында болуп жатпайбы. Тактап айтканда, кандай тартипте жүргүзүлөөрү так жазылышы керек. Болбосо бул ачык эле КР Конституциясын бузуу болуп калат. Ошон үчүн белгиленген мыйзам долбоору өлкө үчүн плюс же минус болуп калаары мен эске салган нюанска байланыштуу, - деп түшүндүрдү VB.KG редакциясына Феликс Кулов.
Парламентарийдин демилгесин талкуулап жатып, Кырнеттин колдонуучулары эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болуп калса, өлкөгө улуттук акча бирдигинин бизнесмен-депутаттардын өз көрсөткүчтөрүн жакшыртуунун куралы катары кулашына даярданышына, көзөмөл органдарына карата кысым көрсөтүлүшүн жана министрлер кабинетин жана анын жетекчилигин улам-улам дайындоодогу туруксуздук абалдын башталышын күтүүгө даярданууга туура келет. Анын үстүнө, акыркысы Жогорку Кеңештеги фракциялар аралык карама-каршылыкка өтүп кетүүсү мүмкүн.