Жакында эле КР мурдагы генералдык прокурору, Убактылуу өкмөттүн өкүлү Азимбек Бекназаров курултайдын чегинде сүйлөп жатып, чатак демилгени көтөрүп чыкты. Ал орус тилинин расмий статусун алып салууну сунуш кылып, эгер бул жасалбаса "кыргыздар жоголот" деген ишеничин билдирди.
-Иш кагаздарынын баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлүүсү керек, иш-чаралар да ушул тилде өткөрүлүп жана аткаминерлер дагы кыргыз тилинде сүйлөөсү керек. Эмне үчүн биз документтерди даярдоодо расмий тилде кайталап жазабыз? Бул кимге жана эмне үчүн керек? – деген суроону берди Бекназаров.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев VB.KG редакциясына түшүндүргөндөй, улутчулдук – бул саясий упайларды жеңил иштеп табуунун бир багыты. Өлкөдө жумуш орундары жок, өндүрүшү жана экономикасы толугу менен башка мамлекеттерге көз каранды болуп, ал эми бийликтин кайсы гана формасы болбосун элинин кыжыры келип турганда, мындай чакырыктар калктын айрым бир бөлүгүнүн көңүлүн бурбай койбойт.
-Бирок мындай кадамдын натыйжасы орус тилдүү калтын көчүп кетүүсүн гана күчөтпөстөн, мамлекетти толугу менен башкалардан бөлүнүп калуусуна алып келмекчи, - деген ишеничте Масалиев.
Ушуну менен бирге парламентарий буга окшогон демилгелерди гүлдөп өнүгүп турган держава кезде көтөрүп чыгуу бир жөн, ал эми коңшу мамлекеттерге көз каранды абалда тургандагысынын – жөнү башка деп белгилей өттү.
-Ошондуктан орус тилинин расмий статусун алып салуу же кытайлыктарга каршы митинг уюштуруу – адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу деп түшүнсө болот. Азыр бүт дүйнө жүзү биригүүнүн башталышында турганда, бөлүнүү оюнун баштоо – бул өз башынан алысты көрө албагандыктын белгиси, - деп эсептейт Исхак Абсаматович.
Акыркы убакта атайылап антироссиялык жана антикытайлык маанайды козгоо жүрүп жаткандай, - дейт парламентарий.
-Жакында эле Кытай элчилигинин алдында өткөрүлгөн митингди алалычы. Экономикасынын жана импортунун 70% так ошол Көк тиреген өлкө толтуруп жатпайбы? Республиканын тышкы карызынын жарымы – Кытайга тиешелүү. Бишкектин жолдорунун жүздөн ашык километри кытайлык гранттардын эсебинен салынган. Бирок, ошондой болсо да, алар жакшы эмес, кубалап чыгуу керек деп эсептейбиз. Бул жерде кеп кытайлыктарда эмес, паракорчулук менен алектенген КР жарандарында болуп жатпайбы, - деп белгиледи Масалиев.
Тилекке каршы, мындай көрүнүш билим деңгээли төмөндөп кеткендиктен, калктын айрым бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуусу мүмкүн, деп баса белгиледи элдик депутат.
-Ар бир саясатчы улутчулдук, мекенчилдик жана элдин таламын талашымыш чакырыгына жамынып алып, өзүнүн шайлоочуларынын колдооосуна ээ болгудай ыңгайлуу шартты издейт. Бирок окуусун аяктагандан кийин, айрыкча түштүк жакта жарандарынын 60% Россияга жумуш издеп кетип жаткан өлкөдө буга окшогон билдирүүлөрдү жасоо, бул акылга сыйбагандыктын белгиси. Анын үстүнө алар ал жактан жылына миллиарддаган акчаларды иштеп таап мекенине жиберишүүдө. Ошондуктан мамлекет да, анын жарандары да орус тилине карата "кысым" көрсөтүлө башташына кызыкдар эмес. Буга окшогон чакырыктардын ордуна экономикалык абалды жакшыртуу жолун издешсе жакшы болмок. Биз кыргызстандыктарды жетишерлик айлык акылары менен камсыз кылуучу жумуш орундары бар экономиканы өнүктүргөнүбүздө, өлкөнүн келечеги үчүн эмгектенип жаткандар үчүн кимдин кайсы тилде сүйлөп жаткандыгы маанилүү болбойт, - деп ой бөлүштү Масалиев.
Ал эми мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси жөнүндө айта кетсек, ал качан гана зарылдык болгон учурда, аны баардыгы активдүү үйрөнө башташат жана ошондо гана ал коомубузда өз ордун табат.
-Тилди үйрөнүүгө калкты мажбурлоо эч кандай натыйжа бербейт. Бул үчүн коомго убакыт жана далилдүү себеп берүү керек. Мисалы, эгер мамкызматчы, депутат же президент болгуң келсе – тилди үйрөн. Статусту алып салуу же тыйуу салуу эмес, мына так ушундай мамиле жасоо гана кыргыз тилинин өнүгүүсүнө алып келет, - деп түшүндүрдү Масалиев.
Депутат маегин аяктап жатып, акыркы убактарда тышкы оюнчулардын кимдир-бирөөсүнө биздин өлкөдөгү улуттар аралык тең салмактуулукту козголтуу пайдалуу болгондой таасир калууда деп толуктады.
-Кимдир-бирөө ачык эле республакадагы туруктуулукту бузууга кызыкдар болууда. Алар мындай кадамдар менен Кыргызстанда "ысык точканы" жайууну каалагандай түрү бар. Бирөөлөр үчүн согуш – кайгы, ал эми башкалар үчүн – байуунун жолу. Айрыкча Борборлук Азия жөнүнүдө сөз жүрүп жатканында. Ошондуктан мына ушуга окшогон билдирүүлөргө акылга сыярлык мамиле жасап жана ар кандай чагымчылыктарга жол бербөө керек, - деп сөзүн жыйынтыктады Исхак Масалиев.