Элди, өлкөнү эмес, акчаны гана ойлогон Алмазбек Атамбаев эмнеге жазага тартылбашы керек?
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдинчыныгы жүзү ачылууда. «Кыңыр иш кырк жылда» деген сөздө калет жок тура. Сүйлөсө кудайды оозанып, элди, мамлекекетти мендей эч ким ойлобойтдегенди айткандан жадабаган Алмазбек Атамбаев аныгында элди, өлкөнү урупойнобогон, кандай жол менен болбосун акча жасоону, капчыгын кампайтуунугана ойлогон, «кудайдан жөөкачкан» адам экени анык болууда. Анан да «менден күчтүү, мендейчечкиндүү президент мындан ары чыкпай калабы деп корком» депайткандарына жол болсун!
Көрсө,Атамбаевдин Акаев, Бакиевдин мезгилинде оппозицияда жүрүп, бийликкекаршы жүрүүсүнүн бир гана максаты – бийликке келип, миллионерден миллиардергеайлануу гана болгондугун эми билип олтурабыз. Ал үчүн ал мыйзамсыздыктын, наадандыктын, акмактыктын жеткенчектерине барууга даяр болгон экен. Анын ошол кездеги жалындуу сөздөрүнө эл ишенип,өлкө башчылыгына шайлады. Президент болгондон кийин да ишенип жүрдүк, үмүт арттык.Бирок тилекке каршы, экс-президент 6 жылдын ичинде элди, өлкөнү түкойлобоптур, өзүнүн капчыгын, бизнесин гана ойлоптур. Эсиңиздердеби, АлмазбекАтамбаев «кудай колдойт» дегенди көп оозанчу. Ооба, Тилекке жараша, кудай колдоду, бирок Жаратканэкс-президенттин тиешелүү жаза алуусун, кыргыз элинин чындыкты билүүсүн колдоду…
Биз мында Дача-СУ айылына кулап, 35 кыргызстандыктын өмүрүн алыпкеткен кайгылуу кырсык менен Бишкек ЖЭБиндеги аварияны айтып жатабыз.Эгерде Боинг учагы кырсыктап, Дача-СУ айылына кулабаганда Атамбаевдин
контрабанда жолу менен миллиондогон долларлык товарларды Кытайдан ташып жүргөнүн билбейкалмакпыз. Дегенибиз, жакында Түркиянын Adimlardergisi.com маалымат булагы өлкөнүн Чалгындооуюмунун Дача-СУга кулаган учак боюнча докладын жарыялап, анда учактагыконтрабандалык жүкАлмазбек Атамбаевге тиешелүүболгонун, учактагы жүктүн баасы 250 млн. долларга бааланганын, кырсыкка чейин 50 иретушундай жүк алып келингенин, Атамбаев мындай акчаларын Түркиядагыкомпаниясы аркылуу адалдап турганын баяндап, Алмазбек Атамбаевди эларалык мафиянын Кыргызстандагы анабашчысы деп жазды. Өкүнүчтүүсү, бул чындыкка 35мекендешибиздин өлүмү аркасында жетип олтурабыз. Алардын өлүмдөрүэкс-президентин абийиринде! Бул курмандыктарга биринчи кезектеэкс-президент күнөөлүү!