ЖОЖДОРДОН ПАРАКОРЛУКТУ КУУП ЧЫГУУ ОҢОЙ ЭМЕС
Февраль 13, 2008
Бөлүшүңүз
Билим берүү министрлиги ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатын, академиялык чынчылдык боюнча ал-абалдарын текшерүү максатында атайын комиссия түзүп, Кыргызстандагы бардык ЖОЖдорду текшерип чыкты. Билим берүү министринин орун басары Ардак Ормонбекова баш болгон комиссия текшерүү учурунда бир топ кемчиликтерди аныктап, айрым студенттер окутуучулары экзамен учурларында акча алышарын ачык айтышкан.
Билим берүү министри атайын комиссия түзүп, былтыркы жылдын 24-декабрынан тарта үстүбүздөгү жылдын 20-январына чейинки аралыкта “Таза сессия, билимди сатып албайсың!” деген акция өткөрүп, ЖОЖдордогу негизги кемчиликтерди аныктаганга аракет кылды. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, негизги кемчиликтер катары билим берүүнүн сапатын, окуу программаларын түзүүдөгү кемчиликтерди жана паракорчулукту атаса болот. Бирок окутуучуларын жең алдынан акча алып жаткандыктары үчүн айыптаган жашыруун телефон чалуулар болуп жатканы менен алардын бирөөнү дагы далилдөөгө мүмкүн болгон эмес. Билим берүү министринин орун басары Ардак Ормонбекованын айтымында, андай студенттер өз аттарын ачык айткандан чочулап жатышат:деген ОЗУ кармалды го