Парламент вице-спикери Төрөбай Зулпукаров кечээ, 4-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин отурумунда кайрылуу кылды. Кайрылуунун тексти төмөнкүдөй:
- Азыркы учурдагы өлкөбүздүн мектептеринде окуп жаткан жаш муундардын көйгөйлүү мектеп форма маселеси. Кыргызстандын көптөгөн мектептеринде окуучулардын конституциялык укуктарын тепселөө менен мектеп администрациясы тарабынан жолуктарын чечүүгө мажбурлоолору көбөйүүдө. Көп учурда мындай терс жагдайлар окуучулар жолуктарын мектеп формасын кошо кийүүсүнө карабастан орун алууда. Бул аракеттер Конституциябыздын 36-берененин төмөнкү нормаларына каршы келет.
1. Үй-бүлө коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык-бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.
2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт».
Мектеп администрациясы окуучулардын ички руханий, ыймандуулугуна негизделген жолуктарын мажбурлап күчкө салуу менен чечүү фактылары, аларга чогулуштарда эл көзүнчө кемсинтүү менен сөгүш жарыялоосу көп байкалууда. Бул себептүү, окуучулардын ата-энелеринин мындай терс тарбияга арыздануу кайрылуулары келип түшкөнүнө карабастан, мектеп директорлору аларды четке кагып, каалаганынча башка мектептерде окутуусуна же баланы дэгэле окутпашына орой басым жасашат.
Мындай терс мамиле Конституциянын төмөнкү 16-беренесине каршы келет:
«1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.
Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.
2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.
Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес».
Себеби, Конститутциянын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек» болгондуктан, бул норманын мазмунуну болуп, өлкөбүздө адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоочу укуктук актылары кабыл алынышы керек.