РОССИЯГА КЫРГЫЗДЫН ЖЕРИ ЭМЕС, ЭЛИ КЕРЕК.
Россияга кыргыздын жери эмес, эли керек, ал эми башка өлкөлөргө кыргыздын эли эмес, жери жана жеринин астында жаткан пайдалуу кени керек (Үзөнгү Кууш, Каркыра, Кумтөр ж.б. буга мисал). Россиянын жери да, жер астындагы кени да өзүнө жетиштүү. Бекеринен “Орус байыса эл жыйнайт, кыргыз байыса мүлк жыйнайт” деген макал айтылбаса керек. Ал эми Кытай жана башка мамлекеттердин эли көп, жери аз. Аларга кыргыздай эл керек эмес, жер керек. Кыргызстан “Кыргызгазды” Россиядан кайра 1 долларга сатып аларына ишеним бар, ал эми Үзөнгү Куушту кайрадан Кытайдан 100 миллиард долларга сатып аларыбызга ишеним жок! 1991- жылы Россия: “Кыргыздар өз оокатыңарды өзүңөр кылгыла”,- деп суверендүүлүктү(эгемендүүлүктү) 1 доллар албай, бекер бергенде Үзөнгү Кууш, Каркыраны түгөл бербеди беле. Ичтен чыккан ийри жылан “жерпуруш” Президенттер, өкмөтчүлөр, депутаттар эмне кылды?! Россия бүтүн беген кыргыз жерин четинен сатып (ага чет өлкөлөрдөн мүлк алышып) кемите башташты. Ким элдин досу, ким душманы экени алаканга салгандай көрүнүп турбайбы. Бул ачуу чындык.! Кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов: “Эй, Россия бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен, чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, биз элбиз, биз кишибиз сени менен”,- деген ырын тегин жерден жазбаган чыгаар. Бул ыр бүгүн да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Балким айрым плутократтарга, клептократтарга жакпаса жакпас, калган 98 процент элге дагы эле майдай жагып турбайбы. Элди аралаган адам: “Рахмат сага Россия, сен бар экенсиң, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, үстүбүздө үй, астыбызда атыбыз бар!”, -деп шүгүр кылган миллиондогон үндөрдү угат.