КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн түштөн кийин Астанага иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт.