Түркия "Манас" аэропортунда жарандык хаб түзүүдө Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү учурунда билдирди.
Анын айтымында, мындай инфраструктуралык объектерди курууда Түркиянын тажрыйбасы чоң. Андыктан түрк адистери бул тармактагы тажрыйбасын Кыргызстан менен бөлүшүүгө даяр.