Бишкекте такси айдоочу өзүнүн жүргүнчүсүн тоноду

Борбор калаада таксист өзүнүн жүргүнчүсүн тоноп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматынын кабарлашты.

Арызы менен укук коргоо органдарына 22 жаштагы жабырлануучу кайрылган. Чоң кыз үчүнчү кичирайонунда менчик фирмалардын биринде иштеген такси айдоочу анын кол баштыгынан 7 миң сом жана 2 "Нокия" маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кеткендигин айткан.

Октябр РИИБдин из кубарларынын жана күзөт кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында изи сууй электе 21 жаштагы таксист - Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД