Окууну аяктап, шаарда жумушка орношуу үчүн бул жакта каттоонун болушу керектигин бардык эле жаран билсе керек. Мен да жумушка орношуу үчүн шаарга убактылуу каттоого тургам. Март айынын аягында паспорттун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жана бул жактан убактылуу каттоодон чыгуу үчүн өзүм көргөн окуяларды окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Алгач Мамлекеттик каттоо мекемесинин алдындагы Калкы тейлөө борборуна баруу керек эле. Калкты тейлөө борбору шаардын ортосунда орун алганына карабастан аны табуу бир топ кыйынчылык жаратты. Шаарга келгениме 7 жылдан ашса да аны табуу кыйынга турду. Себеби, Калкты тейлөө борбору муниципалдык транспорт барбай турган жерде орун алыптыр. Тактап айтканда, Лев Толстой көчөсүндө (Фатьянов менен Игембердиев көчөлөрүнүн ортосунда "Фрунзе" соода борбору имаратынын бир башында) жайгашкан.
Жарым күндү коротуп, ал жакты акырында таап бардым. Борбордун ичине киргенде элдин көптүгүн байкадым. Кардарларды тейлөө бөлүмүнө барып, бул жактагы каттоодон чыга тургандыгымды айттым. Мени тейлеген кыз, ары жактан барып бланкаларды алып, аны толтуруумду суранды. Бланка алуу үчүн кезекке туруп, бланканы алдым. Белгилей кетчү нерсе, бланкалардын баасы 10 сом турат экен. (Мен төрт бланка алдым. Бирок, аларды сатып алганым тууралуу эч кандай чек берилбейт). Аларды толтурган соң, тигил кыз эми аскердик каттоодон чыгуумду жана убактылуу каттоого турган жерден документ алуум керектигин айтты. Ошентип бир күнүм Калкты тейлөө борборун табууга жана бланкаларды толтурууга кетти.
Эртеси убактылуу каттоого турган жериме барып, керектүү документтерди алып, аскердик каттоодон чыгуу үчүн каттоого алынган райондук аскер комиссариатына бардым. Кызыктын баары ушул жактан башталды. Демейде каттоодон чыгуу үчүн керектүү документтерди акысыз берип, тийиштүү кагаздарга жөн эле мөөр басышы керек. Аскердик каттоого алынган документтерди караган эже дароо эле "300 сом төлөйсүң. Сенин каттооң мурда эле алынган экен",- деди.
Мен:
- Макул, болгону мага эмне үчүн төлөп жаткандыгымды түшүндүрүп бериңиз.
- Биз бул жакка кагаз, ручка алуу үчүн баарынан алабыз. Азыр 300 сом төлөй аласыңбы?
- Ооба, берейин. Мага чек бересизби. Мен эмне үчүн төлөп атканымды билишим керек да.
- Жок, бизде чек берилбей. Кагаз-кугаз, ручка үчүн алдык деп чек бермек белек. Андай берилбейт.
- Макул, түшүндүм. Чек берилбесе анда мага ушундай кагаз, ручка үчүн 300 сом алдым деп жазып бериңиз.
- Ммм, андай болбойт да...
- Мен журналистмин. Шаардагы каттоодон кантип чыкканым тууралуу материал даярдап атам. Ошого керек да.
- Ай, андайыңды кой. Дагы бир жерге жазып ийесиң да. Андан көрө 50 сом бер дагы, документиңди ал да, кет. Андан көп деле сурабайм.
Эженин айтканына көнбөскө арга жок эле. Анын колуна 50 сомду карматып, өз жолума түштүм. Кайтадан Калкты тейлөө борборуна бардым. Мага кеңеш берген кыз, документтерди бир сыйра түгөлдөп карап, "Эми райондук милицияга барып протокол алып келиңиз. Сиздин каттооңуздун мөөнөтү өтүп кеткен турбайбы! Азыр чыгып РСК Банкына айып пул төлөйсүз. Ошонун чегин алып, милицияга барсаңыз, протокол жазып берет",- деди.
Жумуштан убактылуу сурангандыктан, ал күнү да шаардык каттоодон чыгуу толук ишке ашпай калды.
Эртеси тийиштүү райондук милицияга бардым. Кашайып, протоколу саат 15-00дөн кийин берилип баштайт экен. Бүгүн, бул документ ишин толугу менен бүтүрөйүн деп чыгынып чыккандыктан, ал протоколду алышым керек болчу.
Ошентип саат 15-00гө жакындай баштады. Райондук милиция имаратынын алды акырындык менен протокол алууга келген кишилерге толо баштады. Кеминде 20дай киши чогулду. Арасында паспортун жоготуп жибергендер, паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер, жер которгондор жана чет элдик жарандар да бар. Британиядан келген Андре аттуу жигит котормочусу менен кезек күтүп турган. Анын бул жакка эмнеге келгенине кызыгып, андан сурап калдым.
- Сага протоколдун эмне кереги бар. Сенин документтериң Тышкы иштер министрлигинен бүтүшү керек эле да.
- Билбейм, алып кел деди. Анан бул жакка келдик. Ал ортодо котормочусу протокол жумуш боюнча керек экенин айтып калды. "Чет жактан келгендер да райондук милициядан ушундай документ алышы керек экен", - деди ал.
Андре кезек күткөндөргө таң калып:
- Булар да мен сыяктуу башка жактын келген жарандар окшойт?
- Жок, булар Кыргызстандын эле жарандары. Кайда жашаса ошол жакка каттоого турат.
- Аа, эмнеге андай? Анын колунда паспорту турбайбы. Ошол эле жетет да. Кайда жашаганы белгилүү да. Алар Кыргызстанда жашашат да.
- Ооба, алар Кыргызстанда жашашат. Бирок бизде талап ушундай, кайда көчүп консоң, ошол жакка каттоого турасың.
- Бул менимче түшүнүксүз система. Бир мамлекеттин ичинде жашагандан кийин кайда жашагың белгилүү да,- деп биздин жарандарды каттоого алуу системасына айран таң калды.
Зарыга кезек күтүп отуруп, акыры протокол берүүчү бөлмөгө кирдим.
- Эмне болду?
- Протокол алайын деп келгем. Каттоодон чыгып аткам.
- Дароо эле айтпайсызбы. Паспортуңузду бериңиз. Протоколдун кагазына 20 сом бересиз.
- Жарайт.
Үч күндөн бери документтерди толтуруу, чогултуу менен жүрүп убара болгондуктан "20 сом алдым деп чек бересиңерби" деп да сураган жокмун. Анын үстүнө эптеп эле ушул протоколду алсам экен деп аттым. Колума протоколду алдым да, дароо эле Калкты тейлөө борборуна бардым. Тийиштүү документтерди бир сыйра текшерген тейлөөчү кыз, кезек күтүп, тийиштүү райондун бөлүмүнө баруумду суранды.
173-кезек номерин алып туруп калдым. Саат 16-00 болду. Кезегим жетип, бардык документтерди бердим. Толуктугун бир сыйра караган жашы 30дарга келип калган эже паспортумду сурап, анын керектүү жерине каттоодон чыкты деген мөөрдү басып берди. Ошентип үч күн дегенде шаардагы каттоодон чыктым.
Белгилей кете турган жагдай, бир документти алыш үчүн 1-2 мекемеге барууга туура келет экен. Мисалы, аскердик каттоодон чыгуу үчүн алгач паспорт боюнча катталган жерге барып катталганыңды тастыктаган документти алып, андан соң гана аскер комиссариатына барууң керек. Алардын ортосу бир топ алыс. Мына ушундай документ топтоодо аларды бир жерден эле бүтүрө турган бирдиктүү терезе системасын киргизсе жакшы болорун башыман өткөн окуядан кийин анык түшүндүм. Бизде азыркы учурда деле бюрократиялык система сакталып калган экен.