Бишкек – Ош трассасында автокырсыктан жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу шаардык ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.
Жол күзөт кызматынын инспекторлорунун айтымында, "Ауди-100" автоунаанын 23 жаштагы айдоочусу белгисиз бирөөнү сүзүп кеткен. Алган жаракаттарынын натыйжасында жүргүнчү дароо көз жумган.
Учурда автокырсыктане каза тапкандын ким экенин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.