Аалы азамат!!!... акындар айтпаса ким айтат - чындыкты!
- Аалы мырза, өткөн жумадагы кыргыз-казак айтышы көрөрмандарга аябай жакканы кадиксиз. Өзүңүзгө кандай таасир калтырды?
- Бул айтыш жеке эле мага эмес, жалпы айтыш күйөрмандарына жакшы таасир калтырды болуш керек. Себеби 2008-жылдан бери бизде кыргыз-казак айтышы боло элек болчу. Беш жылдан бери аны эл сагынды. Бул жолку айтышта эл ошол сагынычын жазды окшойт. Казактан алты акын чакырсак төрт акын эле келип Жеңишбек, Азамат акындарыбыз шартка байланыштуу айтышка катыша албай калганы өкүнүчтүү. Эгер алар да катышканда айтыш мындан да кызыктуу, жогорку деңгээлде өтмөк болуш керек.
- Бул айтышта сиз казактарга калемпир-мурчту катыра сээп, айтыш өтө курч өттү. Бирок төрүбүзгө келген конокторду обу жок басынтып жиберген жокпузбу?
- Айтыштан кийин мага кээ бир чоңдор (мамлекеттик кызматтагылар) сен орой айтышып койдуң дешти. Ошол эле мезгилде карапайым адамдар өтө туура айтылды деген ойлорун айтышты. Мен бул эки ойго тең кошулам. Анткени биздин чиновниктер Казакстанга барганда кол тийбестигине жамынып чек арадан сый менен өтүп, кордук көрүшкөн жок. А карапайым эл казактарды тууган көрүп барып, кордолуп жатат. Кыргыз жарандарынын паспортторун өрттөп, өздөрүн өлтүрүп койгондор канча? Казакстанда кулчулуктан качып кышкысын Каркыра аркылуу өтөбүз деп тоңуп өлүп, сөөгү жазында табылган кыргыздар бар. Чек арадан ары-бери өткөн сайын казак чек арачылары ушул кыз экен, эне экен дебей кыргыз кыздарын, апаларын кордоп жатышканын, поюздан бир кыргыз кызды зордукташып жооп бербегендерин баарыбыз билебиз. Бирок муну көзөмөлдөгөн, эсебин алган бир да киши жок. Жогорку даражадагы адамдарыбыз казак төбөлдөрү менен тууганбыз деп кучакташып, сыйлашып коюп кетип калышат, азабын эл тартууда.
Мени орой айтышты дегендер Жеңишбек экөөбүздүн Астанада көргөн кордуктарыбыздын бирин да көргөн жок. Ошондо казак айтыш уюштуруучусу, алпаруучу Жүрсүн Ерман "Анау көрши мемлекет Кыргызстан аз жылдын ичинде улам падышасын кубалай берип, казир төртүнчү падышасы менен жашап жатат. Ошол Кыргызстандан келген Аалы Туткучев" деп мени сахнага чакырган. Мейманканабыз да, жол акыбыз да төлөнбөй убадаларынан танды. Бул мамлекеттик деңгээлдеги басынтуу эмей эмне? Эгер ошону ким көрсө мени орой айттың деп айтпас эле. Мейли, мени ким кандай айтса ошондой десин, бирок мен өзүмдүн жеке оюмду эмес карапайым элдин оюн, үнүн айтып жатканыма кубанам. Нурсултан Назарбаевдин акимдердин кандай иштеп жатканын акындардын оозу аркылуу угам деген сөзү чын болуп, айтышта айтылган карапайым элдин көйгөйүнө маани берип бир чара көрсө, анда мен максатыма жеткен болом. Анда менин үнүм эмес элимдин үнү жеткен болот.
- Казак акыны сизди эки элдин жаштарынын ортосуна жик салып салдың, интернеттен ырыңа келтирилген комментарийлерди окусаң болмок деди. Ал кандай комментарийлер эле?
- Бир жолу казактардын өз ара айтышында акындары кыргыздар биздин душманыбыз, Кененсары, Норузбайдын башын кескен. Тарыхта биздин жерди канга боешту эле, эми өздөрүнүн мекени канга боелуп, бир аялдын этегине баш калкалап жатышат деп ырдашкан. "Саясаты саат сайын бурулатын, Ак үйүнө асылып жулунатын, Кыргыз болгум келмейди, кыргыз болгум, Бири-бири мен жыл сайын кырылатын" деп ырдап жатышса бир да уюштуруучу, калыстар тобу "токтоткула, биз бир тууганбыз" деген жок. "Хабар" телеканалы да монтаждап кескен жок. Эгер акылдуусу болсо ошол жерде акынын токтотуш керек
болчу. Акындары ошентип ырдабаса мен эч нерсе дебес элем. Казак президенти келип алып бизди кандай басынтып кетти? 7-апрелден кийин "Форум" алдында эл менен жолугуп жатып азыркы президентибиз Алмазбек Атамбаев учурунда казак туугандарга кыргыздар жардам бергенин, эми биз кыйналып турганда казак тарап чек араны жаап алганына капа болгонун билдирип, тарыхтагы чындыкты айткан. Анткени боордоштор ошого мажбур кылды. Башка толгон эл, улут бар.Тууганыбыз болбогон соң аларга таарыныч айталбайбыз. Таарынычты да башкага эмес жакын тууганыңа айталасың. Туугандар да туура түшүнүшү керек. Саясат үчүн биз тууган элбиз деген кээ бир адамдардын ичинде да ушул көйгөй бар. Бирок алар жаман көрүнүп айткылары келбейт. Анан эл ортосундагы көйгөйдү айтуу акындык милдетим деп "Казак акындарына Аалыдан жооп" деп ырдадым. Казакка эмес, "Казак акындарына жооп" деп темасы айтып турат. Ырымда:
"Казагым менин асылым, кардешим, боорум, жакыным,
Казакты жаман дей албайм, мен акынын айтып жатырым.
Эл деген калыс тараза, элекке салган акынын,
Тууралап тандап алса экен, тулпары менен качырын.
Кастыкты айтпайт акындар, достукту айтаар парзым бар" деп айткам. "Адырында малы бир, аңызында даны бир, сакталган кыргыз-казакта санаттуу акындары бир, өзгөлөр антип өкүрбөйт өлгөндө көмчү жайы бир" деп чектен чыккан акындарыңарды тартипке салып койгула деген чакырыкты таштадым. Ал ырга ар ким акылына жараша пикир жазып атышса мен ага күнөөлүү эмесмин да. Менде эки элдин туугандыгын далилдеп, чектен чыккан акындарды калыпка салалы деген эле ниет болгон.
- Бир кезде өзүңүз казактардын мейманканасына жаткырбай койгонун айттыңыз эле. Бу жолу казак акыны сиздин айткандарыңызды жалганга чыгарып койду. Сиз неге ага жооп кайтарбадыңыз?
- Казак акыны айтышта мага мейманканага казак акындарынан коркуп барбай койдуң деп жатат. Акындарынан корксом Астанада мага эмне бар? "Казак акындарына жоопту" ырдап алып, чоң сумкемди сүйрөп борборуна барып, анан акындарынан корккудай менин коркок-билишим бар беле? Жеңишбек экөөбүз беш маал намаздагы кишилер болгондуктан корко турганыбыз бир гана Кудай. Эгер Кудай Таалам жаныңды алам десе каалаган жерден алат, а эгер сактайм десе кырк жылы кыргын болсо да бейажал чымын өлбөйт. Мени калпычы десе да Жеңишбек Жумакадыр менен Рыспай Исаковду кантип калпычы дейт. Үчөөбүз бирге болчубуз. Казак акыны айласы куруганда гана меникин жалган дей баштады. Бирок мен анын ар бир айтканына жооп берип, майдалангым келген жок. Элдин көйгөйүн айткым келди.
- Айтыштан кийин казак акындары менен кантип коштоштуңар?
- Карапайым калк бизди көрүп булар мушташат деп ойлоп калышы мүмкүн. Бирок айтыш бүткөн соң кадимкидей эле чайыбызды берип, аларды жакшы узатып койдук. Келечекте кандидаттыгымды жакташ үчүн чакырайын деп Айбек Калиев менен убадалашып дарек алыштык. Эми алар кандай кетишет, кандай айтып барышат өздөрүнүн иши.