Кыргызстандагы негизги ЖОЖдордун бири болгон окуу жайда иштеген бул агайыбыз көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Ал кечээ жакында бизге кокусунан жолугуп калып эки саатка жакын билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү айтып кейип турду. Аты-жөнүңүз менен ачык маек кылалы десем, азырынча менин аты-жөнүмдү жазбай эле ушул айткандарымды бир макала кылчы, окугандар ойгонор дейт. Төмөндө агайдын айткандарын кыскартып бердим.
- Учурда биздин ЖОЖдордогу абал өтө аянычтуу. Такыр сабакка келбей жүрүп эле баа алып кеткен студенттер бар. Мындай учурда намыстанасыў, барып "мен бул студентиме баа койгон эмесмин, кайдан жүрүп баа алды, ким койду?" деп сурайсың. Бирок билиш кыйын. Биртоп студенттер сабакка такыр катышпай жүрүп эле диплом алып кетишет. Алардын кантип бүтүп кеткенин билбей калабыз. Кулатылган студенттердин кайра кантип окуусун улай баштаганын да билбей калабыз. Мыйзам боюнча алар бир жылдан кийин тапшыра албай калган сабагынан сынактан өтүп гана кайра студент болуш керек эле да. А бизде кулатылган студент кайра алты айдан кийин эле окуп жаткан болот. Бир факультеттен экинчи факультетке которулган студенттердин мыйзамдуулугун да караган киши жок. Ушундай окуялардан улам мугалимдердин кадыр-баркы жылдан жылга түшүп баратат. Мисалы, мен кулаткан студенттер кайра аз өтпөй эле окуусун улантып келип жатса менин кайсы кадырым калат? Бир кезде педагогикалык этика деген болор эле, азыр андан ныпым жок. Мугалимдерди ар кандай жолдор менен коркуткан студенттер көп.
- Мисалы, кандай жол менен коркутат?
- Улуу сөздө уят жок. Кээ бир кыздар сабакка таптакыр катышпай жүрүп эле зачет, сынак учурунда чуркап келишип баа коюп бер дешет. Мен окуп кел, ансыз баа койбойм дейм. Ошондой кездердин биринде сабакка келбеген кыздардын бири мени "эгер баа койбосоңуз, анда сизди мени зордуктоого аракет жасады" деп арыз жазам деп коркутуп кирсе болобу! Мен күч структурасындагы тааныштарым менен кеңешип көрсөм эгер ал мага ошондой жалаа жапса, анда менин актанышым өтө кыйын болуп калат экен. Ким күбө өтмөк эле. Анан калса элге уят болосуң, үй-бүлөң эмне деп ойлойт, айтор ашыкча түйшүк. Анан анткен кыздарга эптеп баа коюп берип кетиргенге шашасың. Кыскасы азыр бир кездеги баалуулуктар такыр калбады. Кимге барып арызданарыңды, эмне кыларыңды билбейсиң. Мугалим азыр бир жүргөн эле бечара болуп калды. Биздин укугубузду ким коргойт?
- Жаңы кирип аткан билим берүү системалары көп го, алардан натыйжа жокбу?
- Азыр ким каякка барып келсе ошол жактын билим берүү системасын көчүрүп келип бизге таңуулай берет. Анын ылайык келер-келбеси менен эч ким эсептешпейт. Бизде союздан калган эң сонун билим берүү системасы бар эле.Аны талкалап бүтүштү. СССРдин билим берүү системасы дүйнө жүзүндөгү эң мыкты система эле да. Азыр болондук система менен окуткула, биз ошого өттүк дешет. Же анысын жакшы түшүнгөн эч ким жок. Бул кандай система, аны биринчи бизге түшүндүрүп койбойсуңарбы деп чоңдорубузга барсак, алар "биз деле билбейбиз, эптеп бир нерсе кыла бер да" деп жолго салат. Айтор учурда ЖОЖдордо кыргыз улутун маңкуртташтыруу долбоору мыкты иштеп жатат.
Учурда мектептердеги окуу программалары кыскарып жатканын жакшы билесиңер. Албетте, ал деле улутту билимсиз кылуу аракети. ЖОЖдордо бул долбоор андан да мыкты иштеп атат. Мисалы, билим берүү сапаты начар экенин, ал жакта ар кандай мыйзам бузуулар болуп келатканын ректор, министр билбейт дейсиңерби? Эң сонун билет. Эгер министр ректорду, ректор декандарды, декандар мугалимдерди кууруп койсо эле жок дегенде жең ичинен соодалашып диплом алып жаткан, окубай жүрүп курстан курска көчүп аткан окуялар тыйылмак да. Муну баары көрүп турушат, менимче кыргыздын улан-кыздарынын билимсиз болуп атканы сырткы күчтөр үчүн керек. Ошондуктан алар бизге ар кандай системаларды таңуулашып, аны ишке киргизүүгө акча бөлүп жатышат. Билимсиз, маңкурт элди бири-бирине тукурууга, чабыштырууга жеңил эмеспи.
- Азыр бүтүп аткан дипломдуу адистердин баарына эле ишенгенге болбойт экен да анда...
- Кээ бир студенттерге таң каласың. Өзү кайсы тармак боюнча билим алып жатканын, эмне боюнча адис болуп чыгарын деле билбегендей. Мисалы, силердин кесипке байланыштуу бир окуяны айтып берейин. Келечекте журналист боло турган студенттерге "фельетон" десем алар "телефон" деп угуп, ошентип жазып жатышат. Себеби ою ошо телефондо да. Алардын арасында "фельетон" деген терминди өмүрү укпагандар бар экен. Келечекте тилчи, адабиятчы кесибине ээ боло турган студенттерге "проза" десем "поза" деп угуп, "поза" деп жазып жатышат. Күйбөгөн жериң күл болот. Себеби оюнда "позадан" башка эч нерсе жок болсо эмне кылышсын? Көрдүңүзбү, биздин жаш муундун басымдуу бөлүгү мектептен маңкурт болуп чыгып, ЖОЖдорду маңкурт боюнча бүтүп жатат. Келечекте алардан кандай адис күтсө болот? Залкар обончуларыбыздын бири Түгөлбай Казаков биздин окуу жайда студенттер менен жолугуп жатып "мага силерди жаңы бүткөн бир журналист кыз маек алайын деп келиптир. Мен ага берген суроолоруна жараша балалыгым, алгачкы чыгармам, жашоо-турмушум, айтор баарын айтып бердим. Бир сааттан ашык маектештик. Анан ал кыз кетеринде "агай, аябай жакшы маек болду, эми сизди кантип тааныштырайын, аты-жөнүңүз ким болот" деп күйгүзүп атпайбы. Мен бир чети тиги кыз үчүн уялып, бир чети билер бекен деп Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаев болом деп койдум. Мени тааныбаса мейли эле, көрсө тиги кыз көзү өтүп кеткен кыргыздын мыкты обончусу Асакемдин да ким экенин билбейт экен. Рахматын айтып узап кетти" деп андай адисти тарбиялаган бизди, студенттерди уяткарды эле. Ырас, жаштардын баары эле керекке жарабайт дегенден алысмын. Бирок кой аксагы менен жүз болбой эле, аксагына караганда соолору аз болуп баратабыз.