Былтыр 17-августта белоруссиялык журналист Михаил Пашкевич мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин эки кишинин коштоосунда Минскиде жүргөнүн сүрөткө тартып алып, интернет аркылуу дүйнө коомчулугуна таратканы белгилүү. Ошол сүрөттөгү Болотбек Кошоевге окшош киши үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Мукар Чолпонбаев уюштурган митинг маалында Эркиндик бульварында үч адам менен сүйлөшүп отурганын сүрөтү менен "Жаңы Агымга" жарыялаганбыз. Сүрөттөгү киши Б.Кошоевге окшобой эле ошонун өзү экен. Ал сүрөт жарык көргөндөн кийин редакциябызга башбагып, окуянын чоо-жайын айтып берди.
- Биздин атабыз Темирбек Кошоев Кыргызстанга белгилүү инсан болгон. Атабыз Кеминдин кулуну эле. Совет өкмөтү ал кишини түштүккө иштегени жөнөткөн экен. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгү түштүктө өттү. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин төрагасы болгон. Анын балдары мен Болотбек, иним Марат атабыздын ысымын булгабай, таза сактаганга аракет кылдык. Марат 1983-жылдан бери прокуратура системасында эмгектенип келатат, генералдык чинге чейин жетти. Ал эми мен катардагы жумушчудан тартып "Кыргызнефтегаз" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагалыгына чейин жеттим. Иним экөөбүз тең саясаттан тышкары жүргөн адамбыз. Азыр бизди жаманатты кылып саясатка аралаштырууну каалагандар бар өңдөнөт. Буга өткөн жылдагы Жаныш Бакиев менен кокусунан Минскиде жолугушуп калганда тартылып алган сүрөт түрткү бергендей. Дагы бир жолу кайталайын, Жаныш менен Минскиде кокусунан жолугуп калдым. Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу алдында турбайбы. Мындан улам, бул уюмга кирген мамлекеттердеги ишкерликтин абалын иликтей баштадым. Былтыр Казакстан аркылуу Россияга, андан ары Белоруссияга учуп баргам. Кафенин "Грюнвальд" деген аталышы дагы деле эсимде, тамактануу үчүн кирип калдым. Кирсем Жаныш Бакиев эки киши менен тамактанып отуруптур. Ал-акыбалды сурашып, 35-40 мүнөттөй баарлашып отурдук. Кафеден чыгып баратканыбызда Михаил Пашкевич бизди сүрөткө тартып алып, социалдык түйүндөргө жайылтып жибериптир.
- Бул жөн гана дал келүүчүлүк болбосо керек?
- Мен актанып каргангым келбейт, бирок чындыгында капилеттен жолугуштук. Аз убакыт ичинде ал-акыбалды сураштык. Жаныш азырынча бош жүргөнүн, бизнес ачууну пландап жатканын айтты. Кыргызстандагы саясый окуялар туурасында ооз ачпадык, анын деле бул темада сүйлөгүсү жок окшойт.
- Сизди Жаныш Бакиев менен эмне байланыштырып турат?
- Жаныш экөөбүз 1984-жылдан бери доспуз. Агезде Ошто эмгектенчүмүн. Ал эми Жаныш Ош шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары экен. Ошондон тартып достук мамиледебиз.
Силердин гезит сүрөттү жарыялагандан кийин Коомдук канал аз эле жерден мени төңкөрүш жасачу адамга салыштырып жиберди. Кимдин кандай аракетте жүргөнүнө укук коргоо органдары, атайын кызмат байкоо салып жаткандыр… 1997-жылдан бери Эркиндик бульварында жашайм, иним Марат Кошоев менин бет маңдайымда жашайт. Мен неберемди, Марат кичинекей кызын алып, достор менен чогуу сейилдегени чыкканбыз. Ошол маалда митинг өтүп жаткан экен. Митингди ким уюштуруп жатканын да билчү эмесмин, Мирослав Ниязов башкы уюштуруучусу экенин гезиттен окугам. Көрсө, Ниязовдун 13-марттагы митингге тиешеси жок экен, Мукар Чолпонбаев уюштуруптур. Мен ал кишини таптакыр тааныбайм, анан кантип митингди телефон аркылуу башкармак элем? (күлдү) Бул акылга сыйбаган нерсе да.
Эми Минскидеги сүрөткө токтолоюн. Былтыр Минскиден кайткандан кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын эки опери келип суроо беришкен. Алардын суроолоруна карата түшүндүрмө жазып бергем. Кызыккандар ИИМге кайрылышса болот.
2008-2010-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы болгонумду Коомдук канал туура кабарлаганын акыйкаттык үчүн айтышым керек. Бирок "25 кадр" ишканасын жетектетип койгондору жалган. Менин билишимче, аталган мекемени Болотбек Кошоев аттуу мага аты-жөнү окшош адам башкарат. Бирок мен Кошоев Болотбек Темирбекович болсом, ал Кошоев Болот Арстанович. Ал менден дээрлик 20 жашка кичүү. Коомдук канал адилеттик үчүн ушундай айырмачылыктарга көңүл буруп, маалыматты так чагылдырса болмок.
- Жаныш Бакиевдин досумун дедиңиз. Анын мекенинде калган бизнес объектилерин көзөмөлдөп турсаңыз керек?
- Экөөбүздү бизнес же башка кызыкчылык бириктирген эмес. 2005-жылдагы март окуясынан кийин Бакиев бийликке келбедиби. Эгерде таасирим чоң болсо, ошондо эле бир кызматка отуруп калмакмын. 1999-2000-жылдары "Кыргызнефтегаздын" Бишкектеги өкүлчүлүгүндө иштегеним эске алынып, 2008-жылдын апрелинде аталган мекеменин директорлор кеңешинин төрагалыгына шайландым. Апрель окуясынан кийин кызматтан кеттим.
- Эски бийлик тушундагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- Жанышты мактап же аны жактагым келбейт, ал жөнүндө айтылган кептердин канчасы жалган, канчасы чын экенин билбейм. Эгер күнөөсү далилденсе мыйзам чегинде жоопко тартылышы абзел. Ошентсе да бир окуяны айтып берейин. Бир жолу бизнесмендердин бири "маркум Жусупбек Бакиевдин ысымында фондго баланча миллион төлө деп Жаныштын жансакчылары келиптир. Аргасыздан сураган акчасын бердим" деп арызданды. Агезде Жаныш Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы эле, анын кабылдамасына чалып жолугушууга макулдаштык. Тигил бизнесменди жолугушууга кошо ала бардым. Ошондо Жаныштын: "Менин атымды сатып акча жасай беришет экен. Бул адамдын акчасын кайтарып бергиле" деп жансакчыларына опурулганы эсимде. Ошентип бизнесмен акчасын кайтарып алды.
Негизи Жаныштын атын пайдалангандар көп болчу. Өзү дагы "менде миллиондорду жасаганга мүмкүнчүлүк жетишерлик. Бирок мындай ыпылас жол менен акча табууну каалабайм" дээр эле.
- "Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин мамилеси начар. Атүгүл экөө резиденцияда атышып кетишиптир" деген уу-дуу кептер эл арасында айтылчу…
- Бул алардын жеке жашоосу, кимдир бирөөлөрдүн жеке жашоосуна аралашканым моралдык жактан туура эмес. Ал этикага да сыйбайт, башкалар да ушул жагына көңүл бурушса дейт элем.
(Уландысы бар)