Биртоптон бери айтыштарга көп катышпай калган Эмикебиз бул аралыкта өзүн-өзү бүлөп, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, рух дүйнөсүнүн чексиздигин жиреп жүргөнүн байкатып, калың журтка жана казак акындарына азыркы доордун чыныгы ак таңдай акыны кандай болорун дагы бир жолу далилдеди.
- Айтышта төрт алдыңкы орунга тең кош байге коюу идеясы кайдан чыкты?
- Кош байге коюлган айтыш мен билгенден ушуну менен экинчи жолу өттү. Биринчи жолу 2008-жылы так ушундай кош байге коюлган айтыш өткөн. Мындай кош байге "Айтыш" коомдук фондунун атайын демилгеси менен уюштурулуп келатат. Бул аракеттин биринчи максаты эки элдин акындарын тең нааразы кылбоо. Себеп дегенде бир эле байге болсо мейли Казакстанда же Кыргызстанда айтыш өтсө эч бир эл өзүнүн баш байгесин сырттан келгендер алып кетишин каалабайт. Ушул маселени "Айтыш" коомдук фондунда акындар жана айтышты уюштуруучулар менен отуруп алып кенен талкуулаганбыз. Анан ушул форма ойлонуп табылган. Менимче мунун келечеги жакшы. Биз казактар бизге баш байге бербей койду деп таарынбастан аларга үлгү болуп келатабыз. 2008-жылы анан быйыл айтышка катышып кош байге алган акындардын баары ыраазычылык менен кеткенсиди. Булар ушул алган үлгүсүн өз элине, айтыш уюштуруучуларына жеткирсе жаман натыйжа бербейт. Чынында бул аябай жакшы нерсе.
- Жеке сен үчүн ушул жолу өткөн эл аралык айтыштын деңгээли кандай болду?
- Кыргыз, казак ортосунда буга чейин мыкты айтыштар болуп келген, буюрса дагы боло берет. Менимче бул жолку айтыш деле буга чейин өткөн айтыштардын деңгээлин бузган жок. Албетте ар ким ар кандай баалайт. Бирөөлөр акындардын деңгээли абдан көтөрүлүптүр, болбосо абдан түшүптүр деп айта бериши мүмкүн. Менимче мурдагы калыпта эле. Негизинен эл тараза. Ырас, мындан да бийик деңгээлде айтышса болот.
- Айтышта биздин акындар да, казак акындары да бири-бириңерге өтө катуу айтып алган учурлар болду, урушуп кетчүдөй болгондордү көрдүк. Сахнанын артында чабышып кеткен жоксуңарбы?
- Алар конок, ошондуктан биз аларга сый менен мамиле кылып аттык. Бирок пенде болгондон кийин кээ бир сөздөр эстен чыкпай жеке керт баштын таарынычы болуп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда бир элдин алдында бир элди басмырлоо өтө одоно иш. Бирок бул кемчилик тилекке каршы эки тараптан тең кетип калып жатат. Казакстанга барган акындарыбызга алардын өтө орой тийип койгон учурлары көп болгон. Бирок кээде акындын оозу бүтүндөй бир мамлекеттин оозу болуп калышы да мүмкүн. Казактын да, биздин да эл аралык айтыштарга катышкан акындарыбыз өзүн жоопкерчиликтүү сезгенди үйрөнүш керек. Президенттер ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып коюшу мүмкүн. Хандар сөзүнөн тайса да акындар сөздөн тайбаш керек. Бирок кээде пенде болгондон кийин эмоцияга алдырып ийип бири-бирибизге катуу тийип алган учурларыбыз болот. Ал эми бар нерсени татынакай кылып далил менен айтууну мен мындан кийин эл аралык айтышка катыша турган акындардын баарына айткым келет. Айрыкча кийинчерээк биз тарыхты ары-бери калчаганга чебер болуп алдык. Керек болсо адис тарыхчылар да билип-билбей эле дөөрүй беришет. Төрт тарыхчы менен сүйлөшсөң төрт башка жакка жетелейт. Мындай нерселерде өтө этият болсок.
- Баса, сен казактардын кыргыздан бөлүнүп чыкканы тууралуу эмне дейт элең? Айтышта ушул маселе да негизги тема болду окшойт.
- Албетте бул талаш маселе. Бирок минтип биз эле айтып аткан жокпуз. Мисалы, казактардын Зелант деген окумуштуусу казактар тууралуу жазган тарыхында бул элдин кыргыздан тараганын кашкайта жазган. Ошол эле Муса Шорманов деген казактардын этнограф тарыхчысы да ушул сөздү ырастаган. Атургай санжыраны жакшы билген Абайдын аталаш чөбөрөсү Шакарим Кудайберди уулу ачыктан ачык эле "биз кийин казак аталып кеткенбиз, болбосо кыргыз насилиненбиз" деп эле айтып, жазып атат. Казактардын кыргыздан бөлүнүп чыкканы тууралуу айтуудан мурун ушул китептерди окуп алып, анан ошого таянып туруп айтыш керек. Баса, казактарда Гумилов атындагы килейген университети бар. Анын жазгандарын окуп көр. Бирок кээде сөздүн уйкашына карап, залдагы көрүүчүлөрдүн кол чапканына карап ар кандай урдуруп кетип атпайбызбы. Эмнеси болсо да ынтымак баарынан бийик болушу зарыл.
- Айтыштын акырында сен "айтыш өнөрү бул конкурс эмес, ал эки акындын улуу баарлашуусу" деп айттың. Чынында эле ушул өнөр кээде шоуга аралашып, кээде менменсинүүгө, текеберликке аралашып, анын айынан акындар бирин-бири кордогонду үйрөнүп салттуу жолунан тайып бараткан жокпу?
- Конкурсту өнөр жаатынын көп эле тармагында өткөрсө болот. Өзүнүн мыйзамдарына ченеп бычып, мисалы, музыкалык чыгармаларга конкурс өткөрсө болот. Мыкты аранжировка экен, мыкты тенор үн экен, мыкты бас экен деп. Же болбосо комузчуларга бир күүнү черттирип, кимиси чебер экенин аңдап көрүш оңой эле маселе. Бирок мен айтыштын конкурс экенине такыр кошулбайм. Бул – эки акындын баарлашуусу. Мисалы, кээде такыр багы ачылбай жүргөн акын күтүлбөгөн жоопторду таап алышы толук мүмкүн. Мында акындардын мурдагы алган кадыр-баркына карап балл берүү такыр жарабайт. Удулу келип турганда ар бир адам жүйөлүү сөздөрдү, жоопторду таап алышы мүмкүн. Кээде биз кыйын акынбыз деп жүргөндөр сөз таба албай, начар акын дегендер күтүлбөгөн ыр таап алышы мүмкүн. Ошондуктан айтыштын жеңүүчүсү болуу эч кимдин түбөлүк менчиги эмес.