Кыргызстандагы негизги ЖОЖдордун бири болгон окуу жайда иштеген мугалим "Жаңы Агым" гезитине кенен маек берди. Өзүнүн атын жашырган окутуучунун айтымында, учурда билим берүү сапаты жана студенттердин билим деңгээли аябай начар. " Такыр сабакка келбей жүрүп эле баа алып кеткен студенттер бар. Кулатылган студенттердин кайра кантип окуусун улай баштаганын да билбей калабыз. Өзү мыйзам боюнча алар бир жылдан кийин тапшыра албай калган сабагынан сынактан өтүп гана кайра студент болуш керек эле да. Бир факультеттен экинчи факультетке которулган студенттердин мыйзамдуулугун да караган киши жок", - дейт ЖОЖ мугалими.
Ошондой эле окутуучу өз сөзүндө сабакка келбеген кыздар кээде "эгер баа койбосоңуз, анда сизди мени зордуктоого аракет жасады" деп арыз жазам деп коркутуп кирген учурлары болоорун айтып, "келечекте журналист боло турган студенттерге "фельетон" десем, алар "телефон" деп угуп, ошентип жазып атышат. Алардын арасында "фельетон" деген терминди өмүрү укпагандар бар экен. Келечекте тилчи, адабиятчы кесибине ээ боло турган студенттерге "проза" десем "поза" деп угуп, "поза" деп жазып атышат. Күйбөгөн жериң күл болот", - дейт.
Бул маек "Жаңы Агым" гезитинин 29-мартта жарык көрчү санында жарыяланат.