Александр Князев: ЖККУ өзүн эффективдүү эмес уюм катары көрсөттү

"ЖККУ өзүн эффективдүү эмес уюм катары көрсөттү" – деген оюн бүгүн, 26-мартта, политолог Александр Князов билдирди.

"ЖККУ копсуздук маселелерин чечүүгө даяр эмес. Бул уюмда институционалдык кемчиликтер жок эмес. Эгерде кандайдыр бир күтүлбөгон окуя, меселен, Баткен облусунда, болуп калса, ЖККУнун жардамын алыш үчүн уюмдун алты мүчөсүнун макулдугу керек. Жана дагы мындай маселе боюнча чечимди бир күндө кабыл алышпайт, соодалаша башташат", - дейт ал.

Князевдин сөзү боюнча, бул планда НАТОнун структурасы алда канча күчтүүрөөк. Аларда өз алдынча чечим кабыл алууга укугу бар генералдык катчысы бар. Албетте, ал НАТОнун өзөгүн түзгөн өлкөлөрдүн башчылары менен макулдашат, бирок маселе тез чечилет.

"ЖККУ 2002–жылдан бери иштеп келе жатат, бирок бул уюмдун эффективдүулүгүн далилдеген бир дагы мисал жок", - деп комушчалады эксперт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД