Стамбул шаарындагы мекендештер Нооруз майрамын белгилешти

Түркиянын Стамбул шаарында кыргыз диаспорасы Нооруз майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. 21-мартта саат кечки 19да, Күчүкчекмеже мэриясындагы Сефакөй маданият борборунда өткөн иш- чара, Евразия Түрк Коомдорунун Федерациясы, Кыргызстан Достук жана Маданият Коому (КДМК), ошондой эле Күчүкчекмеже мэриясынын демилгелери менен уюштурулду. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбул шаарындагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, салтанатка Түркиядагы иштеп, окуган кыргыздар, этникалык кыргыздар жана башка улуттун өкүлдөрү чакырылган. Алгач келген меймандар үчүн кыргыздын улуттук боз үйү жана буюмдарынан турган көргөзмө болду. Андан соң улуттук тамак аштар элдин сынына коюлду. Палоо жана сүмөлөк бекер таратылып, ал эми калган улуттук тамактар жеткиликтүү баада сунушталды. Чакырылган коноктор бири бири менен жакындан таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Программанын экинчи бөлүгүндө Күчүкчекмеже мэриясынын башчысы Азиз Йениай, КДМК башчысы Айбек Сарыгул келген меймандарды куттуктады.

Кыргызстандан чакырылган өнөр адамдары көрөрмандарга концерт тартуулашты. Салтанаттуу иш чарага ырчы Гүлзада Рыскулова, "Энесай" фольклордук тобу, "Мурас" ансамбли, ошондой эле бийчи жана манасчылардан турган 20га жакын өнөр адамдары катышты. КДМКда жаңы ачылган "Ала-Тоо" комуз ийриминин окуучулары, Ноорузга карата алгачкы тушоо кесүү номерин аткарып беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД