2013-жылдын башынан бери "Түндүк электр" ААК төлөмдөрдүн чогулумдарын көбөйтүү жана жоготууларды азайтуу максатында, иш чара комплексин ишке ашырып, электр энергиянын эсебин катуу көзөмөлгө алды. Аталган иш чаралардын негизинде ушул жылдын 2 айынын ичинде, мурдагы жылдын ушул эле учуруна салыштырмалуу 88 млн. кВт саатка электр энергия азыраак түшкөнүнө карабастан, акча каражатынын чогулуму 67 млн сомго көбөйдү. Бул жоготуулардын 5% азайышына байланыштуу болду. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.
Ошондой эле компаниядан маалымдагандай, жылдан жылга электр энергияны уурдоонун өзгөчө методдору пайдаланылып келет. Андыктан текшерүү жүргүзүүдө визуалдык байкоо жетишсиз.