21-мартта Франциянын борбору Париж шаарында Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди. Аны өткөрүүнүн башкы демилгечиси жана демөөрчүсү Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаков болду. Парижде өткөн бул салтанатка ЮНЕСКОго мүчө 146 мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү, элчилер, Париждеги кыргыз диаспорасы күбө болушту. Мында келген меймандарга кыргыз ашканасынын дүйүм тамактары: уча, казы, карта, чучук, боорсок жана башка даамдары тартууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Парижде Нооруз майрамы биринчи ирет белгиленип жатат. Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаковдун айтымында, жакшы тилек-ниет менен уюштурулуп жаткан Нооруз майрамы илгертен эле ынтымактын, биримдиктин майрамы болуп келген. Бул жолку максат - кылым карыткан кыргыз элинин каада-салт, наркын мында келген меймандарга тааныштыруу, кыргыз деген эл бар экенин, дүйнө өлкөлөрү суктана турган маданий дөөлөттөрү бар экенин көпчүлүккө маалымдоо болуп отурат.
Курмангазы Азыкбаев менен Нурайым Азыкбаева да кыргыздын нукура музыкасын келген меймандарга ойноп беришти.