Кыргызстан менен Азербайжандын өкмөттөрүнүн ортосундагы cалыктар жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Президент Алмазбек Атамбаев "2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга бүгүн, 22-мартта, кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам 2013-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы тууралуу азербайжан тарапка билдирүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.