"Жогорку окуу жайлардын бардык эле жетекчилери окуу мекемесиндеги коррупциялык иштерге керектүү көңүл бурушпайт", - деп бүгүн, 22-мартта, ЖОЖдун жана кесиптик билим берүүчү мекемелердин жетекчилери менен болгон жолугушууда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Анын айтымында, эки жогорку окуу жайдын ректоруна карата козголгон кылмыш иши муну тастыктап турат. Ошондой эле документтерди да жасоо буга далил.
"Өлкөдө коррупциянын деңгээлин аныктоо жок, болгону коррупциялык фактылар жана иштер гана бар. ЖОЖдордун өзүн-өзү тазалоо прецесси башталышы керек", - деди Садыков.