Баткен облусунун чек арасынан мина табылды

Баткендеги "Боз-Адыр" чек ара тосотунун аймагынан Айдаркен – Баткен авто жолунан үч чакырым алыстыкта жайгашкан жерден минометтун 82 миллиметрлик эки минасын жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуучу зат табылган жерге чек арачылар келип, ал аймак курчоого алынган. Дыкат текшерүү учурунда чек арачылар үчүнчү минаны табышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы табылган үч снаряд тууралуу Баткен облусунун укук коргоо органдарына билдиришкен.

Учурда Баткен чек ара тосотунун аскердик инженердик кызматынын аскерлери миналарды жок кылуу иштерин жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД