Жайыл районунда ымыркайды таштап кетишти

Жайыл районунда ташталган ымыркай табылды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

20-мартта болжол менен саат 19-30дарда Жакен айылында үйлөрдүн биринин короосуна жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап кетишкен.

Дарыгерлер ымыркайдын ден соолугун текшерип, өмүргө эч кандай коркунуч туудурбайт деп жыйынтык чыгарышкан.

Учурда аталган факт боюна териштирүү иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД