Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Балыкчыдагы "Миң-Булак" ЖАКтын 19,075% мамлекеттик пакетинин акциясын сатууга коюуда. Бул тууралуу аталган мекеменин басмасөз кызматы бүгүн, 22-мартта, билдирди.
Маалыматка ылайык, "Миң-Булак" ЖАКтын коюлган акциясынын баштапкы баасы 127 682 сом. Белгилей кетсек, ЖАКтын уставдык капиталы 930 200 сомду түзөт.
"Миң-Булак" ЖАКтын негизги иши – бул транспорт-экспедициялык кызмат көрсөтүү. Административдик имараттын жалпы аянты 242 чарчы метр. Ал эми жанындагы жер тилкеси 4 200 чарчы метр. Имараттын техникалык абалы канааттандырарлык. Ачык аукцион 19-апрелде саат 12-30да Балыкчы шаарында, Тынчтык көчөсү 10 дарегинде болот",- деп жазылат басмасөз кызматы тараткан билдирүүдө.