2012-жылы кургак учук менен медициналык мекемелерде иштеген 23 кызматкер оорушкан. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган маалымат жыйында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулат Кадыров билдирди.
Эскертсек, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү 24-мартта белгиленет.
Кадыров санитардык нормаларды сактабагындыктан кургак учук жугаарын белгиледи. "Кургак учукка каршы күрөшүү уюмдарында иштеген кызматкерлер арасында оору жуктургандар каттала элек",- деп кошумчалады ал.