Кыргыздын ала кийизи менен шырдагына ЮНЕСКОнун сертификаты берилди

ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кыргыз элинин ала кийизи менен шырдагы өткөн жылы киргизилген. Эми анын расмий түрдө тизмеге киргендиги тууралуу сертификат тапшырылды.

Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаков Франциянын борбору Париж шаарында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин улуу мурасы "Манас" эпосу жана анын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө сунушталып жатканы, Манас үчилтигинин кыргыз эли үчүн канчалык мааниге ээ экендиги боюнча ЮНЕСКОнун башкы директоруна кенири маалымат берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун сонунда ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова Кыргызстандык делегациянын башчысы, Жогорку Кенештин депутаты Карганбек Самаковго өткөн жылы кыргыз элинин маданий мурасы деп таанылган кыргыздын ала кийизи менен шырдагы туурасындагы сертификатты тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД