Бүгүн, 22-мартта, саат 9-00дөн 17-00гө чейин Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын батыш бөлүгүндөгү Пограничная көчөсүндө, килемчилер кварталынын бир бөлүгүндөгү №№ 1ден 10чу көп кабаттуу үйлөрдө, ошондой эле Москва районуна караштуу Александровка айылынын Почтовая, Карагачевая, Пушкин, Манайская көчөлөрүндө электр энергия үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.
Аталган аймактарда "Садовое","Алексеевка" көмөкчордондорунан тараган 10 кВ электр зымдары оңдолуп, кемтик изоляторлор алмаштырылат.