Алыскы аймактардын тургундары турак жай куруу үчүн жерди которуу маселесин койду

Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун тургундары Жогорку Кеңеш депутаттары менен жолугушканда турак жай салуу үчүн жерди которуштуруу маселесин көтөрдү. Мындай маселе Ак-Талаа районунун тургундары жана активи менен жолугушканда да, Ат-Башы районунун жашоочулары менен жолугушканда да айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Эске салсак, төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Нарын облусунда жумушчу иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Алмазбек Баатырбеков ("Республика"), Майрамкүл Тиленчиева ("Ар-Намыс"), Абдыманап Кутушев (КСДП), Эсенгул Исаков ("Ар-Намыс") бар.

Парламентчилердин жергиликтүү тургундар менен жолугушууларында айыл айыл чарба өнүмдөрүн сатып өткөрүү, элеттиктерди күйүүчү май жана жер семирткич менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын лизингге берүү, майда чарбаларды кооперативдерге ирилештирүү, калкты таза суу менен кымсыз кылуу, асфальт заводун куруу сындуу бир катар маанилүү маселелер козголду.

Жергиликтүү тургундар табигый кырсыктардан жапа чеккендердин турак жай үчүн толук ссуда алуусуна сертификаттарды берүү жүрүмүн тездетүү, айрым айылдардын балдары авариялуу абалда деп табылган имараттарда окуп жаткандыктан, жаңы мектептерди куруу, алыскы айылдарга тез жардам унаасын бөлүү маселелерине депутаттардын көңүлүн бурду. Ошондой эле, элеттиктер райондогу бир нече айылды бийик тоолуу калктуу конуштардын тизмегине киргизүү өтүнүчү менен кайрылды. Андан сырткары, оор жүк ташуучу автоуналардын айынан бузулуп жаткан Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун абалына кооптонуулары айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД