Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда "Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы", -деп жазылат. "Быйыл Иштерман жылы катары жарыяланды. Эмгек адамзат өмүрүнүн өзөгүн түзүп, бакубат турмуш башаты болуп саналат. Теңирдин ушул улуу күнүндө бири-бирибизге күйүмдүү, түтүмдүү бололу. Журтубузда ынтымак менен ырашкерлик айтсын. Биз баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганыбызга терең ишенем. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун", - деп жазылат төраганын куттуктоосунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД