КР өкмөтү кайра иштетүүчү өнөр-жайды өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 20-мартта, Чүй облусуна болгон иш сапары учурунда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин реформалоонун алкагында өкмөт кайра иштетүүчү өнөр жайдын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурат.
"Айыл-чарба министрлигинде май айында реформа жүрүп, кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министрдин орун басары кызматы пайда болот. Андан сырткары дыйкандарга жеңилдетилип бериле турчу 4,5 млрд сом насыянын 878 миллиону берилди. Кийинки жылы же ушул жылы деле кайра иштетүүчү ишканаларга ушул өңдүү каражат берүү пландалууда", - деп белгиледи Сарпашев.