Альбина Ташинская пауэрлифтингдин IPF (International powerlifting federation) версиясы боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону болду. IPF версиясы боюнча пауэрлифтинг федерациясынан билдиришкендей чемпионат борбор калаада өтүп, ага 50дөй спортчу катышкан.
Мелдеш "эркектер", "аялдар", "ардагерлер", "юниорлор" жана "суб-юниорлор" категориясы боюнча өткөрүлгөн.
Мелдештин жыйынтыгында караколдук спортчулар ата-бала Марат менен Акжолтой Раматовдор өз категориялары боюнча биринчи орунду алышты. Акжолтой ошондой эле суб-юниорлор арасындагы мелдеште да жеңишке жетип, эми дүйнөлүк чемпионатка да катыша алат. "Пауэрлифтинг федерациясы спортсменди дүйнөлүк чемпионатка жиберүү үчүн каражат издейт", - деп федерациядан билдиришти.
Чемпионаттын эң күчтүү спортчусу деп 51 жаштагы Бакыт Керимбеков татыктуу болду. Ал эркектер жана ардагерлер арасындагы мелдеште биринчиликти камсыз кылды.