"Оюнчуларга өзгөчө деле доомат жок. Пакистандыктар менен болгон оюнду алар салыштырмалуу жакшы ойношту", - деген оюн Кыргызстандын футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков билдирди.
Анын айтымында, эгер Дэвид Тетте пакистандыктардын дарбазасына дагы бир гол киргизгенде матч ошол замат аяктамак. "Футбол оюну көргөзүп тургандай 100 пайыз гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болсо да, гол киргизүү мүмкүн эмес. Баары бир Теттеге рахмат жана анын жарандык алуусуна жардам бергендерге да рахмат", - деп кошумчалады машыктыруучу.
Эскертсек, Кыргызстандын курама командасы АФК кубогунун алкагында эки матч өткөрдү. Ал Пакистан жана Макао командаларын 1:0 эсебинде утуп алган. Эки матчта тең Дэвид Тетте гол киргизген.
Кыргызстандын курама командасы 21-мартта Тажикстан менен беттешет. Оюн Долон Өмүрзаков атынданы стадиондо өтөт.