Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо "карусель" уюштурган деп айыпталган Наргиза Ажибаеванын соту анын адвокаты Леонид Лужанскийдин ооруп калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Мындай чечимди бүгүн аталган ишке төрагалык кылган Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Авчи Алиев кабыл алды.
Анын айтымында, айыпталуучу Ажибаеванын жактоочусу Лужанский көп ооруйт, андыктан айыпталуучу кийин да сот ишин жылдырбоо үчүн дагы бир жактоочу алууну ойлонушу керек.
Айыпталуучу өзү да жактоочусу ооруп атканын тактап, ушул жуманын аягына дейре сакаят деп ишендирди.
Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу да болгон жок. Себеби ал Нариман Түлеевдин иши боюнча башка сот отурумуна катышууда.