Самбист Абдыназар Купуев Борбор Азия чемпионатында алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Абдыназар Купуев самбо боюнча Ашхабадда (Түркмөнстан) өткөн Борбор Азия чемпионатында алтын медалга татыды. Бул тууралуу Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусу Артур Сон "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Купуев 68 кг салмакка чейинки категория боюнча беттешип, баш байкеге татыган. Ушул эле чемпионатта Саяк Бараканов, Ильгиз Каналбек уулу жана Айбек Бекболаев күмүш медал утуп алышкан.

Ошондой эле коло медалга Амангельди Таланбек уулу, Мейрамбек Казыбеков, Нурбек Өмүралиев, Арстанбек Юнусов, Нурбек Абжапаровдор ээ болушкан. Ал эми кыздар арасындагы мелдеште Барчынай Узгенбаева курама командага коло медал утуп берген.

Башкы машыктыруучу чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы 3-орунга чыкканын белгиледи. Биринчи орунду Тажикстандын командасы алса, экинчи орун Өзбекстандын курама командасына буюрган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД