"Кумтөр" боюнча мамкомиссиянын отчету менен Акаевди экстрадицияласа болот

"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету биринчи президент Аскар Акаевдин экстрадициясын талап кылууга негиз боло алат", - деп 19-марттагы маалымат жыйында коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын коргогон коомдук кыймылдар Кумтөрдөн уурдалган миллиарддарды кайтарууну жана Акаевди соттоону талап кылышууда".

"Аталган кыймыл жакын арада республикалык курултай өткөрүүгө ниеттенип, Канаданын элине жана парламентине "Камеко фирмасынын коррупциялык жол менен уурдап кеткен" 1 млрд долларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча кайрылуу жөнөтүүнү пландап атат".

Сарыгулов "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия уурдалган миллиард доллар тууралуу эч ооз ачпай атат деп белгиледи. "Отчетте, эгер "Кумтөр" коррупциялашпаган 1994-жылдагы келишим менен иштегенде 1 млрд 28 млн доллар алмак деп айтышууда", - дейт ал.

Бирок Сарыгулов келишимди жокко чыгарууга каршы экенин белгиледи.

"Келишимди кайра кароо демилгеси коррупцияга каршы кызмат тарабынан көтөрүлүш керек. Ошондой болгондо гана Кыргызстан аталган маселе боюнча утушка жете алат. Кыргызстандын алтындары аткаминерлерге гана тийиштүү эмес. Бүгүнкү күнү билинип аткандай Акаев менен Бакиев өз учурунда элди 1,5 млдр доллар байлыгынан куру жалак калтырышкан", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД